Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

08:55 «Ак Жол» партиясы Социал-демократтар партиясын күнөөлөдү


БШКга жолдогон катында «Ак Жол» «Де Факто», «Агым» гезиттерине берген интервьюсунда СДП лидерлеринин бири Өмүрбек Бабанов партиянын кызыкчылыгында үгүт жүргүзүп, шайлоонун жыйындыктарын божомолдогон деп, бул боюнча документтерди сотко жиберүүнү сунуш кылган. Бул дооматтын негизинде БШК кечээ СДПга кат жөнөттү. Партиянын катчысы Эдил Байсалов гезиттер баскан интервьюда эч кандай чакырык, мыйзам бузуу жок деп билдирди:
- Ошондуктан, бул «Ак Жолдун» жалаа жапканы, бул БШК жана чөнтөк соттор аркылуу биздей күчтүү конкурентти шайлоодон алып салуу аракети катары баалайбыз, - деди Байсалов (BuS)

XS
SM
MD
LG