Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:49

Бүгүн кыргыз президенти К. Бакиевдин Жапонияга болгон иш сапарынын акыркы күнү. Эки күнгө созулган сапардын алкагында мамлекет башчы Жапониянын императору, бир катар расмий өкүлдөр менен жолугушуп, эки өлкө ортосунда достук жана кызматташтык алакаларын бекемдетүү боюнча документтерге кол коюшту. Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда алгачкы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 15 жыл болду. Ал аралыкта жапон бийлигинин колдоосу менен Кыргызстан бир топ көйгөйлүү маселелерин чече алды. Президент К. Бакиевдин Жапонияга болгон алгачкы иш сапары Кыргызстанга эмне берет?

Дүйнөдө экономикалык жактан эң күчтүү мамлекеттердин бири - Жапония менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык алакалар 1992-жылы түзүлгөн. Ал эми өлкөлөр ортосунда саясый диалогдун түзүлүшүнө ошол эле жылы Жапониянын премьер-министри, тышкы иштер министри Ватанабэ мырзанын Кыргызстанга алгачкы иш сапары жол ачкан.

Серепчилердин айтымында, кыргыз-жапон мамилелеринин бекемдешине мурдагы президент Аскар Акаевдин 1998-жылы Токиого экинчи ирет жасаган иш сапары да өз салымын кошту. Анда Кыргызстандын да, Жапониянын да тарыхында биринчи жолу саясый документке – “Эки өлкө ортосунда достук жана кызматташтык жөнүндө билдирүүгө” кол коюлган.

Эми эки өлкөнүн ортосунда мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө багытталган билдирүүгө президент К. Бакиев иш сапарынын алгачкы күнүндө премьер –министр Фукидо мырза менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол койду. Президентин басма-сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүн президент Бакиев жапон инвестицияларын Кыргызстандын экономикасына тартуу маселесине арналган бизнес-семинарга катышат:

-Ал эми кечээ мамлекет башчы К. Бакиев кыргыз-жапон достук парламенттик комитеттин башчысы, депутат Ешин Ватанабэ, парламенттин палата өкүлү Ехи Коне менен жолугушту. Бүгүн сапардын акыркы күнүндө президент жапон инвестицияларын Кыргызстандын экономикасына тартууга арналган бизнес-семинарга катышат, ошну менен президенттин сапары аяктайт.

Жапонияда Шикокудагы университетинин мугалими, учурда илимий ишине байланыштуу Кыргызстанда жүргөн Сасакинин кыргыз президентинин Жапонияга сапары тууралуу пикири мындай:

-Албетте Бакиев мырзанын Жапонияга сапары эки өлкө ортосунда мамилелерди жакшыртуу, келишимдерге кол коюу үчүн болуп жаткандыр. Бирок ал кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн аброюн көтөрүү үчүн да жасашы мүмкүн.

Эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык жогорку деңгээлде жана ар тараптуу өнүгүп бара жатканын буга чейин Жапониянын да расмий өкүлдөрү белгилеп келишкен. Бул кызматташуулардын жемиши деп Бишкекте жапон борборунун ачылышы, учурда кыргыз студенттеринин Жапонияда билим алып жаткандыгы, Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт жолдорун курууда грант түрүндөгү жардамы, айыл жерлерди таза суу менен камсыз кылуу боюнча жана башка бир катар долбоорлордун иштешин айтса болот.

Жапониянын Кыргызстанга, жалпы эле аймакка стратегиялык жактан кызыкчылыгы зор. Жапонияда жаратылыш ресурстары жокко эсе болгондуктан, бул өлкө кен байлыткарга бай чөлкөм- Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууга кызыкдар.

Мурунку тышкы иштер министри, саясат таануучулар ассоциациясынын төрагасы Аликбек Жешкенкуловдун айтымында, президенттин бул жолку сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнүн багытын аныктайт:

-Бул сапар былтыртан тарта даярдалып келди. Жапондордун протоколу абдан катуу болот. Император кабыл алышы үчүн бизге окшогон кичинекей мамлекеттердин президенттери 2-3 жыл күтүшөт. Эми президентибиз императорго, парламентине, премьер-министрине кандай таасир калтырды, жапондордун мындан аркы мамилеси да ошого жараша болот.

Расмий сапарлар учурунда жогорку деңгээлде көптөгөн документтерге кол коюлат, бирок иш жүзүндө бардыгы эле ишке ашырылбай келатат. Аликбек Жекшенкулов бул эки тараптын тең өлкө жетекчилеринин, расмий өкүлдөрүнүн, дипломаттарынын жоопкерчилигине байланыштуу дейт:

-Жетекчилер барганда жакшы нерселерди айтышат, бирок ишке ашпай калат. Ошондой маселелерди да алар изилдейт. Булардын атайын кызматтары, бул жердеги дипломаттары абдан жакшы иштешет, алар кыргыздардын жетекчилигине кандай мамиле кылса болот деп өздөрүнүн сунуштарын беришет.Бирок императордун биздин президентти кабыл алганынын өзү эле жакшы жетишкендик биз үчүн, деди А. Жекшенкулов.
XS
SM
MD
LG