Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

БУУнун АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЖОГОРКУ КОМИССАРЫ ООГАНСТАНДА


15-ноябрда БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луиза Арбурдун Ооганстанга иш сапары башталды. Эл аралык укук коргоочулар ооган бийлигин түрмөдө отурган айыпкерлердин укуктарын одоно бузат деп сынга алып келет.

Луиза Арбурдун бир жумага созула турган иш сапары учурунда БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары президент Хамид Карзай, ооган соту жана парламент мүчөлөрү менен жолугушат. Маалыматтарга ылайык, Арбур айым бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, укук коргоочулар жана укугу бузулган адамдар менен дагы жолугушары күтүлүүдө.

12-ноябрда адам укугун коргоо боюнча Эмнести Интернешнл эл аралык уюму билдирүү тараткан болчу. Анда Ооганстандын Коопсуздук кызматы түрмөлөрдө айыпкерлерди кыйнайт деп айтылат. Уюм өз билдирүүсүндө НАТОнун жетекчилигине кайрылып, кагылашуу учурунда камакка алынгандарды ооган коопсуздук кызматтарына өткөрүп бербөөгө чакырат. Эмнести Интернешнл уюму “камакка алынган айыпкер үчүн Ооганстандын Улуттук коопсуздук кызматынын абактары өтө кооптуу жай” деп эсептейт.

13-ноябрда Улуттук Коопсуздук кызматынын өкүлү Саид Ансари уюмдун бардык айыптоолорун четке какты:

Биз камакка алынгандарга ар дайым эл аралык жана ооган мыйзамдарына ылайык мамиле жасайбыз. Биз дайыма адам укуктарын сактайбыз. Жакында эле укук коргоочулар Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайларын кыдырып чыкты. Укук коргоочулар дагы бир жолу биздин абакканаларды кыдырып чыга алат жана ал жайларда эч кандай проблема болбогонун өз көздөрү менен көрө алат. Биз бардык айыптарды четке кагабыз.

Саид Ансаринин бул айткандары менен НАТОнун расмий өкүлчүлүгү дагы макул. Өкүлчүлүктүн айтымында, камакка алынгандарды ооган бийликтерине өткөрүп берүү - эл аралык, Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым уюмдарынын стандарттарына ылайык ишке ашат. Луиза Арбур 2005-жылы дагы Ооганстанга иш сапары менен келген болчу. Бул жолку сапарында Арбур айым Ооганстандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясынын өкүлдөрү менен дагы жолугушары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG