Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:29

ОРУСИЯЛЫКТАР ДА, КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ДА ШАЙЛООЛОР ТАЗА ӨТӨӨРҮНӨ ИШЕНИШПЕЙТ


2-декабрда Орусияда парламенттик шайлоо өтөт. Бул мамлекетте “Эркин Европа/Азаттык” радиосу үчүн өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, добуш берүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү шайлоонун эркин жана акыйкат өтүшүнө ишенбейт. Ошентсе да, көпчүлүгү алдыда аларды жыргал жашоо күтүп турганына терең ишене турганын айтышты. Декабрда Кыргызстанда да парламенттик шайлоо өткөнү жатат.

Орусиялык добуш берүүчүлөр алдыдагы парламенттик шайлоого, бир чети, көңүл кош мамиле кылышканы менен, андан үмүтү да бар экендиктерин жашырышпайт.

Биздин радио үчүн атайын жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, Орусиядагы добуш берүүчүлөрдүн жалпы санынын үчтөн экиси декабрдагы шайлоо акыйкат өтөөрүнө ишенбейт. Бештен бири гана бул жолку добуш берүүнүн жыйынтыктары алардын жашоосуна таасирин тийгизет деп эсептейт.

Азырынча орус коомчулугу арасында Кремлдин батасына ээ “Единая Россия” партиясы колдоого алынып тургандай.

Буга чейин – Советтер Союзунун учурунда да, постсоветтик мезгилде да – шайлоолор көз-боемочулуктар жана бурмалоолор кеңири колдонулгандыгы үчүн айыпталып келди. Биздин радио үчүн сурамжылоо жүргүзгөн Левада аналитикалык борборунун директору Лев Гудковдун айтымында, бул жолу “Единая Россия” кайрадан парламентте басымдуу орунду ээлешин камсыз кылыш үчүш массалык түрдө бурмалоолор болот деген пикир эл ичинде кеңири жайылган.

- Адамдар чын эле буга чейинки тажрыйбаны эске алып, бул жолу да добуш берүүчүлөргө карата басым болот, көз-боемочулук, жыйынтыктарды бурмалоолор орун алат деп ишенишет. Биздин сурамжылоонун жыйынтыктары элдин шайлоодон үмүт эткени менен чыныгы турмуш ортосундагы ажырымдын кеңдигин көрсөттү.

Эң кызыгы – орусиялыктар арасында кеңири тараган пессимисттик маанайга карабай, адамдар ушу жолку шайлоодон кийин алардын турмушу жакшы жакка өзгөрөт деп ишенишет.

Орусиянын артынан эле Кыргызстанда да парламенттик шайлоо өтөт. Кыргызстандыктар туура бир айдан кийин, 16-декабрда, алгачкы ирет партиялык тизме менен өтчү добуш берүүдө Жогорку Кеңештин жаңы курамын тандашат.

Кыргызстандык социолог, гендер маселелери боюнча эксперт Топчугүл Шайдуллаева алдыдагы шайлоого карата эл ичиндеги маанай тууралуу сүйлөп жатып, кыргызстандыктар азырынча жаңы шайлоо системасындагы өзгөрүүнү көп түшүнбөй жатышканын, партия учүн эмес, лидерлер үчүн добуш берүүгө камданып жатышканын айтты.

- Биринчиден, бул шайлоо өнөктүгү жаңыча системаны киргизгени менен (шайлоо алгачкы жолу партиялык тизме менен өтөт), биздин элдин саясий аң-сезими буга али даяр эмес. Экинчиден, партиялар региондордо толугу менен өздорүн тааныштырып, көргөзүп бүтө элек. Кайсыл партия кандай максатты көздөөрү жөнүндө элде толук маалымат жок. Партиялардын программалары элдин калың катмарына жеткен эмес. Мына ушундай жагдайлар шайлоо учурунда бир топ татаалдыктарга алып келет, - деп эсептейт социолог Топчугүл Шайдуллаева.

Бишкек тургундары арасында биз өзүбүз жүргүзгөн сурамжылоо да орусиялыктар менен кыргызстандыктардын жооптору дээрлик окшош экенин көрсөттү. Атап айтканда, эл алдыдагы шайлоодо жыйынтыктарды бурмалоо, көз-боемочулук болот деп ойлойт, бирок, ошол эле учурда, шайлоодон кийин жашоо жакшырат деген пикирде.

- Шайлоо ачык өтөт деп айтыш кыйын. Азыркы мезгилде ишенич жоголду, анткени күтүлбөгөн нерселер болуп кетиши ыктымал.

“Азаттык”: Шайлоодон кийин жашоо жакшы жакка өзгөрөт дегенге ишенесиңерби?

- Өзгөрүү болуш керек. Дайыма эле өзгөрүп турабыз. Мурунку жылдарга караганда, жакшыраак жашап калганбыз. Өзгөрөт деп ойлойм.

Шаардык мектептердеги мугалимдердин бири, атын атагысы келбеген респонденттин айтымында, административдик ресурс эмитеден эле кеңири колдонула баштады.

- Мен “Ак-Жол” партиясына жакында эле кирдим. Чынын айтканда, жумуштан мажбурлашты – административдик ресурс колдонулду. Башка жерлердеги жагдайды билбейм, бизге кечээ “Киргиле!” дешти, анан кирдик. Жетекчилик буйруса, кире берет экенсиң, анан бул жакка чыгып алып “эмне бизди кыйнайт?” деп сүйлөндүк. Башкача добуш берген күндө деле ошол жерде олтурган комиссия баары бир өзү билгенин жасайт. Андай иштерге аралашып эле жүргөнбүз, жасап деле жүргөнбүз. Азыр буйруса, жасай да беребиз.

Орусияда өткөрүлгөн сурамжылоого караганда, адамдардын жарымынан көбү шайлоодон кийин жакшы жашоо болот, айлык акы өсүп, социалдык стабилдүүлүк орнойт дешти. Бирок саясий абалдын жакшырышына анча ишене беришпейт. Чынында саясий туруктуулук алар үчүн анча маанилүү эмес экени да көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда болсо, социолог Т.Шайдуллаеванын айтымында, азырынча шайлоо алдында элдин пикирин аныктаган изилдөөлөр өткөрүлө элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG