Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

ЖАРЫМ ПАЙЫЗДЫК ЧЕКТИН КИРГИЗИЛИШИ БОЮНЧА ТАЛАШ КҮЧ АЛДЫ


Шайлоо кодексинин 77-беренесинде аймактарда жарым пайыздык босогонун киргизилиши коомчулукта талаш-тартыш пикирлерди жаратууда. Бул маселени кароо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн сунушу комиссиянын кечээки жыйынында да кабыл алынбай калды. Ошентип, партиялар региондордогу шайлоочулардын тизмесинен 0,5% алыш керекпи же жалпы республикалык тизмедеги шайлоочулардын санынан региондордон 0,5% керекпи деген суроо ачык калууда. Айрым серепчилер эгерде саясий партиялардын аймактардан 0,5 пайыз добуш алуудагы маселе чечилбесе, бул парламенттик шайлоо учурунда чатакка алып келиши мүмкүн деген жоромолдорун айтышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Көкүмбай Турусбековдун айтымында, Шайлоо кодексинде көрсөтүлгөн жарым пайыздык чек боюнча талаптар так жана ачык жазылган. Бул жерде талаш-тартыш чыгар турган маселе жок, дейт Көкүмбай Турусбеков:

- Бул норманы ар ким өзү билгендей ырастап жатат. Бул жерде эми 5 пайызды кандай алат, 0,5 пайызды кандай алат үтүр менен конкреттүү түрдө жазылып турбайбы. Шайлоочулардын кирген тизмеси бизде жалпы Кыргызстан боюнча бир округ болгондон кийин, жалпы өлкөнүн шайлоочулары болот да. Бул жерде талаш-тартыш чыгара турган эч нерсе жок,

Талаш пикирлерди жаратып аткан Шайлоо кодексинин 77-беренесинде республика боюнча шайлоочулардын 5тен кем, жана ар бир областтан, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча тизмеге кирген шайлоочулардын 0,5 пайыздан кем алган талапкерлер депутаттык мандат ала турган саясий партиялардын тизмесинен чыгарылат деп көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов бийлик жарым пайыздык босогону өзүнө жакпаган саясий партияларды шайлоодон алып түшүшү үчүн колдонуп жатат деген көз карашта:
-Ал эми БШКны ала турган болсок, ал жерде ар кимиси ар башка сүйлөп жатат. Төрайымы башкача айтып акыркы күнгө чейин бул маселени карабай келген жаткандыгы- жетинчи кабаттан кандай тапшырма түшөт деп отурган. Анан аларды жарга такагандан кийин, айласы жоктон бардыгы так жазылган деп айтып жатышат.

Кубатбек Байболов, ошондой эле, бийликтин башка саясий партияларды шайлоодон четтетүү аракеттери акыры жакшылыкка алып келбейт деген ишенимде:

- Эгерде болбой эле зордуктап партияларды шайлоодон четтете берсе ушуга окшогон үтүр-пүтүрлөр менен акыры чаң асманга сапырылат, талпагы ташка жайылат. Же болбосо акыйкат шайлоо менен уттурат же болбосо сот аркылуу уттуруп, бардыгы акыры жоопко тартылат.

Жарым пайыздык чек боюнча беренени чечмелеп берүү суранычы менен “Ата мекен” партиясы жана “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Шайлоо кодексинин автору-президент К. Бакиевге кайрылышкан. Атамекенчилердин кайрылуусунда Борбордук шайлоо комиссиясы таянып иш алып барып жаткан учурдагы Шайлоо кодекс менен референдумдун алдында элге тааныштырылып, талкууланган Шайлоо кодексинин ортосунда айырма бар экеин айтылат. Атап айтканда, 0,5% дык босого тууралуу 77-берененин 2-бөлүгү референдумдан кийин гана Президент Бакиевдин жарлыгы менен кодекске кирип калган.

Бул маселе боюнча пикирин сурап саясат таануучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Токтогул Какчекеевге кайрылдык. Анын айтымында, жарым пайыздык босого-бул административдик системанын эң эле күчтүү көзүрү болуп саналат, ошондуктан бул чектин киргизлиши туура эмес, дейт саясат таануучу:

- Анткени бул жерде бир гана ой бар. Бул - күчкө салып, партияга өткөрүш керек деген максат. Бул чек ойлоп табылган нерсе, муну шайлоонун жаңы стратегдери жасашкан. Бул чекти 70 пайызга чейин добуш алам дегендер киргизишкен. Ошондуткан бүгүнкү күндө элдин каршылыгы бул нормага туура деп эсептейм.

Кошумчалай кетчү нерсе, БШК эл аралык байкоочуларды каттай баштаганын кабарлады. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого байкоо салуу ниетин биринчилерден болуп Күнкорсуз мамлекеттердин шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму, Эл аралык республикалык институту, Демократиялык институттардын жана адам укугу боюнча бюронун байкоочулары билдиришти. Шшайлоо мыйзамдарына ылайык эл аралык байкоочулар Борбордук шайлоо комиссиясы жөнөткөн чакыруунун негизинде каттоодон өтүшөт.

XS
SM
MD
LG