Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

ЖУСУПЖАН.ЖЭЭНБЕКОВ: ТИЙИШКЕН САЙЫН КУРЧУЙМУН


Кечээки түнү Каракөл шаарында социал-демократтар партиясынын Жалалабаттагы лидерлеринин бири Жусупжан Жээнбековду бир нече адамдар токмоктоп кеткени тууралуу кабар түштү. Окуянын чоо жайын билүү максатында партия төрагасынын орунбасары Жусупжан Жээнбековду таңкы “Азаттык” кепке тарткан.

- Кечээ Каракөл шаарында сизди бир топ жаш балдар сабап кетишти деген кабар тарады эле. Анын чындыгы канчалык. Аны сиздин өз оозуңуздан уксак?

- Чындыгы бар. Бул жерден мен албетте, Каракөл шаарынын милиция кызматкерлерине өтө чоң ыраазычылыгымды билдиремин. Ошол күнү кечинде балдарды кармашыптыр. Он, он бешке жакын бала болчу.

- Себептери иликтенип жатабы? Милициялар эмне деп жатышат.

- Анысын мен деле билбейм. Кофе ичип отурганыбызда кайдан жайдан келишти билбейм.

- Сиздин өзүңүзгө оор залака келген жокпу?

- Жок анча эмес. Колдорум, тизелерим сыйрылды.

- Сиз жетекчилердин бири саналган социал-демократтар партиясы муну сиздин саясий ишмердүүлүгүңүз менен байланыштырды. Кастарын тиккендер кимдер болушу мүмкүн?

- Эми аны милиция кызматкерлери тактайт го. Эң башкысы менин балам менен тең балдар кыйкырып жатпайбы. “Тилиңди тыйып жүр, көп сүйлөбө, оозуңду жаап жүр, биз кожоюнбуз Жалалабат облусунда” деп. Кийин качып кетип калышты. Жарым сааттан кийин өзүмө келейин деп отурсам ышкырык болуп кайра келишти. Акыры айласыз милицияга кайрылдым. Эми милициялар саясий жагыбы, тентектик жагыбы териштиришет.

- Бул окуя түнкү саат бирде болду деп маалымат таратылган.

- Ооба, 21-ноябрдан 22-ноябрга өткөн түнү болчу. Мен ошол жерден кофе ичип алайын дегенмин. Бишкектен балам экөөбүз машинаны алмак-салмак айдап келе жатканбыз.

- Муну коркутуп, үркүтүү деп эсептесеңиз мындан ары ишмердүүлүгүңүз кандай болот. Бул сиздин саясий ишмердүүлүгүңүзгө таасир этиши мүмкүнбү?

- Жок. Эч кандай таасир этпейт. Мага тийишкен сайын мен курчуй берем. Менин адатым ошондой.

- Шайлоого даярдыктардын жүрүшү кандай болуп жатат?

- Жалпысынан партиябыз каттоодон өттү. Эң башкысы партиянын мүчөлөрү көбөйүп жатат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG