Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Ирандын маданият жана ислам адеби министрлиги көңкү дүйнөгө таанымал, азыркы замандын көйкашка жазуучуларынын бири Габриэл Гарсиа Маркестин фарсы тилине которулган акыркы романын басканга тыюу салды. Соңку эки жылда эле министрликтин цензорлору адамзаттын көөнөрбөс көркөм казынасына кирген ондогон чыгармаларды, фильмдерди, алардын ичинде жергиликтүү авторлордун көптөгөн эмгектерин коом үчүн кооптуу деп табышты.

Габриэл Маркестин мындан эки-үч жыл илгери жарык көргөн соңку романы түп нускасында “Ойсеке ойношторум жөнүндө эскерме” деп аталат. Иран котормочулары аны фарсы тилине “Мен сүйгөн байкуш аялдар” деп таржымалашкан эле. Бирок маданият министрлиги романды баары бир жаштарды жаман үйүткө үйрөтө турган чыгарма деп баалады жана аны басканга тыюу салды.

Иранда “бузуку” деп табылган жазуучу жалгыз эле Маркес эмес. Таланты жана атагы жагынан ага тең, атүгүл андан озук авторлордун көбү, айрыкча Батыш жазуучулары капкачан эле “кара тизмеге” киришкен. Салман Рушдиге “Шайтандын аяттары” аттуу китеби үчүн аятолла Али Хомейнинин тушунда эле өлүм батубасы чыгарылып, анын көзүн тазалаган кишиге атайын байге белгиленген. Бийликтер диний бу өкүм масык кылынганын айтып жүрүшөт, бирок мындан мамлекеттик цензура басаңдап кеткен жок.

2006-жылы маданият министрлиги жаңы чечим кабыл алып,Батышта кеңири таралган жана калкка алынган миңдеген көркөм жана даректүү китептерди, кинофильмдерди фарсы тилине которуп басканга, экранга чыгарганга, музыкалык чыгармаларды ободон угузганга тыюу салган. Чечимди аткарбаган басмалар, телерадиостанциялар жабыла турганы эскертилген. Министрликтин “кара тизмесине” Уильям Фолкнер баштаган жоон топ батыш классиктери, жергиликтүү акын-жазуучулардан Эбрахим Голестан, Али Дашти, Ахмад Касрави сыяктуу алтымышка чукул белгилүү авторлордун чыгармалары илинген.

Министрликти жетектегени президентке сааналаш саясатчы Мухаммед Хоссейн Саффар-Харанди келгенден берки соңку эки жыл ичинде эле жаңы эмес, мурда далай ирет жарык көргөн илимий, тарыхый, көркөм маанидеги китептердин 70 проценти “жараксыз” болуп жарыяланды. Бир канча фильмдер, алардын ичинде бүт өлкөнүн кинотеатрларында көп жолу көрсөтүлүп, элге таанымал болуп кеткен иран режиссеру Камал Таризинин “Кескелдирик” фильми прокаттан алынды. Фильмде пайгамбар жашына келгенче кескилик кылып, камакта отуруп чыккан соң молдо болуп алган адамдын тагдыры баяндалган эле. Жарым кылымдай илгери көзү өткөн, азыркы иран адабиятынын классигине айланган Садег Хедаяттын “Жолбун ит” романынан, Ирандын социалдык тарыхына арналган Мортеза Равандинин буга чейин алты ирет басылган эки томдугунан, маданий, диний темадагы башка да эмгектерден коомго кооптуу көрүнгөн идеялар менен ишааралар табылды.

Цензорлор жадакалса экс-президент Али Акбар Хашеми-Рафсанжаниге да асылып көрүштү. Анын саясий мажарасындагы – мемуарындагы айрым фактыларды алар ислам революциясынын тарыхын бурмалоо катары баалашты. Бирок экс-президент өзүнүн саясий жогорку чөйрөдөгү аброюна салып, быйыл китебин экинчи ирет бастырууга жетишти.

Былтыр улуттук китеп жармеңкесинин ачылышында маданият министри Саффар-Харанди цензураны күчөтүү зарылдыгын иран калкын, өзгөчө жаштарды Батыштын “иритме идеологиясынан” сактоо мүдөөсү менен түшүндүргөн эле.
XS
SM
MD
LG