Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Санкт-Петербургда полиция Борис Немцовду жана башкаларды камакка алды


100 чакты кармалгандардын арасында Оңчул күчтөр биримдигинин дагы бир жетекчиси Никита Белых да бар. Немцов кийин кайра бошотулду. Полиция президент Путинге каршы демонстрациянын бир катар катышуучуларын сабап, күч менен кууп таркатты. Сабоо жана камакка алуу демонстрацияга чейин эле башталган. Орусиянын оппозициячыл партиялары бүгүн дагы жаңы жүрүштөрдү пландап жатат. Кечээ шахмат боюнча мурдагы чемпион жана саясий ишмер Гарри Каспаров Москвада кармалган. Орусияда парламенттик шайлоо бир жумадан кийин өтөт.

XS
SM
MD
LG