Расмий эмес маалыматтарга ылайык, Хорватиядагы парламенттик шайлоодо оппозициялык маанайдагы борборчул-солчул Социал-демократтар партиясы 35 пайыз добуш менен алга оозуп чыкты. Премьер-министр Иво Санадердин Демократиялык союзу 33 пайыз добушка ээ болгону кабарланууда. Көпчүлүк өкмөт башчы Санадерди калктын жашоо-шартын оңой алган жок жана коррупцияга бөгөт кое албады деп айыптап келет.