Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

ЕВРОПА ФУТБОЛ ЧЕМПИОНАТЫНДА КИМДЕР ОЙНОШОТ?


Ошентип 2008- жылы футбол боюнча Австрия-Швейцарияда өтүүчү Европа чемпионатынын финалдык оюндарына чыгуу үчүн 7 тайпадагы 50 өлкөнүн тандалма командаларынын беттешүүлөрү соңуна чыкты. Баш байге үчүн таймашуучу 16 команда иргелип алынды. Кыргызстандык футбол күйөрмандары дагы бул командаларга кызыгып, Европа чемпионатын чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Футбол күйөрмандары күткөндөй эле 2008- жылкы Европа чемпиоантына учурдагы дүйнө чемпиону Италия, вице- чемпион Франция, ошондой эле футбол державалары катары таанылган Германия, Голландия, Испания өлкөлөрү, дүйнөлүк жана Европалык мелдештерде такай ойноп жүргөн Чехия менен Хорватия, кайрадан мыктылар сабына кошулган Швеция менен Румынияны, жаңыланууга далбастаган Польша, 4 жыл мурда Европа чемпиону болгон Грекияны,4 жыл мурда финалда утулуу ызасын тарткан Португалияны, эртеңки үй ээлери Австрия менен Швейцарияны, Түркия жана Орусияны финалдык таймашууларда көрүп, оюндарына күбө болгону турабыз.

Орустардан күйөрмандардын үмүтү үзүлүп калган, бирок алар хорваттардын жардамы менен мыктылар сабына оңой кошулуп калды. Себеби «Е» тобунда экинчи орунда келаткан Англиянын тандалма командасы өз үйүндө Хорватияга 3:2 эсебинде утулуп калып, орустарга жол ачылды. Орус футболчулары жанталашып жатып Андораны 1:0 эсебинде араң утуп, Европа чемпионатына хорваттардын «жардамы» менен кошулуп калышты.

Ошондой эле «С» тобунда үмүтү үзүлүп бараткан Түркия акыркы чечүүчү оюндарда негизги атаандашы Норвегияны алардын талаасында жеңип экинчи катарга чыгуу менен өз үйүндө Боснияны утуп, 2008- жылы Австрия-Швейцарияда өтүүчү Европа биринчилигине жолдомо алышты.

Кыргызстандын футзал ассоциациясынын башкы катчысы Медет Букуевдин пикиринде Европа чемпионаты дүйнө биринчилигиндей деңгээлде өтөт, бул таймашууларга баам салган футбол адистери көп нерсени үйрөнүп, көрүп билүүгө болот. Учурда кимиси баш байгеге талапкер болоорун божомолдоп айтуу кыйын, себеби Европада футболдун денгээли абдан өстү.

- Көпчүлүк командалар үчүн оюндар чечүүчү болуп, кээ бир командалар келерки жылкы Европа чемпионатына катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса, кээ бир командалар Австрия менен Швейцариядан тышкары Германия, Чехия, Греция жана Румыния, Польша, Португалия , Франция, Италия, Испания жана башка командалар Евро-2008ге жолдомо алышты.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбеков пикиринде Кыргызстанда футболго шыктуу таланттуу балдар арбын. Аларга шарт түзүп берип, эл аралык мелдештерге жиберип турса чеберчилиги өсүп, футбол менен Кыргызстанды таанытууга дарамети жетмек. Себеби Азиядагы футболдун деңгээли Европадан ылдый болгондуктан Казакстан келечекти көздөп Евролигага өткөнү менен утушка ээ болуп жатат.

Спорт күйөрманы Алмаз Кудайбергеновдун айтымында көп каражат талап кылган футбол оюнуна караганда спорттун жеке түрлөрү натыйжа берет. Же болбосо Казакстан, Орусия сыяктуу футболдук тандалма командага чет өлкөлөрдөн машыктыруучу жалдап, Европанын футбол клубдарыны тажрыйба алмашуу үчүн жөнөтүү зарыл.

Футбол күйөрмандарынын эсине, Европа чемпионаты 1960- жылдан тартып, 4 жыл сайын өткөрүлүп келет. Биринчи мелдештин финалы Парижде өтүп, баш байге үчүн Кеңеш Курамынын тандалма командасы менен Югославиянын футболчулары беттешип, негизги убакытта тең чыгышып, кошумча убакытта СССР Европанын биринчи чемпиону аталган. Ал эми соңку 2000- жылдагы финалдык таймашууда Италия менен Франция күч сынашып, француздар 2:1 эсебинде италиялыктарды утуп алышкан.

2004- жылы чемпионат Грекияда өткөрүлүп, финалда талаа ээлери португалиялыктарды утуп алуу менен Европа чемпиону аталып, гректер футбол адистерин таңкалтырган.

Эми 2008- жылдын 7-июнунан 29- июнунда чейин Европа чемпионаты Австрия менен Швейцарияда болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG