АКШда бүгүн баштала турган Жакынкы Чыгыш жараяны боюнча эл аралык жыйын аймакта тынчтыктын орун алышын камсыз кылат. Бул тууралуу АКШ президенти Жорж Буш менен Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт билдиришти. Израиль делегациясы президент Буш менен жыйын башталарына үч күн калганда жолугушкан. Эхуд Олмерт менен жолугушуудан кийин Буш Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.