Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

“АК ЖОЛ” АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРСТУ КОЛДОНОБУ?


Ошто «Акжол» партиясы административдик ресурсту пайдалануунун жана добуштарды сатып алуунун аркасында 60-70 пайыз добуш алат деген кеп күчөдү. Муну аталган партиянын өкүлдөрү төгүндөй элек. Ал эми бир катар бейөкмөт уюмдар жана партиялар мындай аракетке карата тынчсыздануусун жашырышкан жок.

Ысымын атоодон тайсалдаган үлкөн аткаминердин билдирүүсүнө караганда, Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдиев 7 райондун акимин, тармактык жетекчилерди Ош шаарындагы Токтогул атындагы китепканага топтоп, «Акжол» партиясынан сунушталган талапкерлердин көзүнчө тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн. Ара чолодо «Кырдаалды көрүп жатасыңар, шайлоодо «Акжол» партиясы көп добуш алуусуна көмөктөшөсүңөр» деген пикирин таңуулаган.

Губернатор Жантөрө Сатыбалдиев Чоңалай районунда сапарлда жүргөндүгүнө байланыштуу Ош облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Турат Исмаиловго жолуксак, үнүн жаздыруудан тайсалдап, ошол эле учурда жогорудагыдай жолугушуу болгондугун, бирок, анда акимдерге таза шайлоо өткөрүү жагы гана милдеттендирилгендигин белгиледи.

Ошол жолугушууга катышкан «Акжол» партиясынын Ош облустук төрагасы Авазбек Шамшиев губернатор Сатыбалдиевдин сөзүн төгүндөгөн жок, бирок, «административдик ресурстарды колдоно элекпиз, көп добуш алууга аракетибиз күч» деген оюн мындайча туюнтту:

- Ош облусунда административдик ресурсту колдонолу деген биздин максат жок. Мына бүгүнкү күнгө чейин аны колдоно элекпиз. Ар бир партия көбүрөөк орун алганга умтулат. Биз да башка партияларга караганда көбүрөк орун алганга умтулабыз.

«Ата Мекен» партиясынын Оштогу штабынын жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев «акжолчулардын» аймактан 60-70 пайыз топтойбуз дегени реалдуу эмес, антсе да, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин, окуу жайлардын студенттерин мажбурлап партияга өткөрүп, ушулардын эсебинен жеңишке жетишүү далалаты бар» деген маанайда:

- Окуу маалында студенттерди мугалимдер, декандар ар кандай ыкмалар менен “Ак жол” партиясына өткөрүп, аларга добуш берүүнү үгүттөп атышат. Албетте 60-70 пайыз добуш алабыз дегени реалдуу алып караганда жөнөкөй эле сөз.

Бүбүсара Орозбекова - «Эркиндик» партиясынын түштүктөгү лидери. А да «Акжол» аймактан 60-70 пайыз добуш топтооруна ишенбейт, ошондуктан, бийликтин шайлоонун жыйынтыгын бурмалоодон башка жолу жок экендигин «Азаттыкка» маалымдады.

- 60-70 пайыз алабыз дегенди апыртмалык. Албетте булар фальцификацияга сөзсүз барышат. Булар башка жол табышпайт.

«Марттагы элдик ыңкылап» коомдук бирикмесинин уюштуруучусу Мырзабек Акматов 2005-жылдын 19-мартындагы курултайда Курманбек Бакиев, Досбол Нур уулу, Адахан Мадумаров оштуктардын алдында мындан аркы шайлоолорду таза өткөрүүгө ант беришкендигин эске салып, ошол убада аткарылбагандыктан, калк нааразычылыгы улам ырбап жаткандыгын ачыктады:

- 2005-жылы 19-мартта Ош облусунда биз курултай өткөргөнбүз. Ошол курултайда биздин көптөгөн белгилүү адамдар келип катышкан. Ошололордун арасында Курманбек Бакиев, Досбол Нур уулу, Адахан Мадумаровдор бар эле. Ошол жерде барыбыз ант бергенбиз. Мына ошол антыбыз азыркыга чейин аткарылбай кайра артка кетип атат. Бакиев революционерлердин барын тээп салды, бири дагы жок.

Күн мурунтан пландаштырылгандай, Социал-демократтар партиясынын талапкерлери 26-ноябрда Ош шаарындагы Сулаймантоо музейинин астында шайлоочулар менен жолугушмак. 100 чакты киши топтолгондо, тилекке каршы, жарык өчүп калган. Муну партия лидерлеринин бири Бакыт Бешимов «Үгүт ишин үзгүлтүккө учуратуу максатында бийлик атайылап жасады» деген пикирде.

- Чындыкты айткан, адилеттикке катуу турган адамдар дагы эле азыр бир нерсе уюштурайын десе же электр жарыгы жок, же шарт жок. Ошол эле учурда он жалдары бою убада берип жүргөн адамдар дагы эле бюджетниктерди бир жака буруп атат. Ушинтип жүрсөк кайдан оңололу.

Ош шаарынын вице-мэри Мухиддин Мамасадыков «Социал-демократтардын дооматы натуура. Калаа калкынын 80 пайызы үч күндөн бери жарыгы жок олтурат. Чоң трансформатор күйүп кетиптир, дагы 2 күндөн кийин толук оңдолот» деп «Азаттыкка» маалымдады:

- Ош шаарында Центр деген подстанциябыз бар. Бул суббота күнү иштен чыккан. Себебин таптык. Бишкектен алып келип атат, буюрса 2 күндөн кийин ишке кирет. «Социал-демократтар» койгон дооматы туура эмес.

XS
SM
MD
LG