Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

ОРУСИЯ: ПУТИН КЫЗМАТТАН ЧЕГИНҮҮ АЛДЫНДА ТУРАБЫ?


Орусияда ушул жекшемби күнү парламенттик шайлоо өтөт. Ал эми өлкөнүн Федерация кеңеши кечээги отурумунда президенттик шайлоону келерки жылдын 2-мартына белгиледи. Бул аралыкта президент Владимир Путин 29-ноябрь күнү элге телекайрылуу менен чыгат деген маалыматтар тарады. Күтүлүп жаткан кайрылуу, кабарларга караганда, Путиндин президенттигинин кийинки, үчүнчү мөөнөтүнүн башын ачышы мүмкүн.

Президент Владимир Путиндин улуттук телеканал аркылуу элге жасоочу кезектеги кайрылуусунун чоо-жайы азырынча белгисиз болгону менен негизги көңүл Мамлекеттик думага декабрдын экисине белгиленген шайлоого бурулары шексиз. Шайлоодо жеңип чыгары күтүлүп жаткан "Бирдиктүү Орусия" партиясынын федералдык тизмесинин башында турган Путин анда орусиялыктарды добуш берүүгө жигердүү катышууга чакырып гана тим болбостон өзүнүн болочок пландары жөнүндө айтышы ыктымал.

Президенттин кайрылуусу жөнүндөгү жаңылык Федерация кеңеши кезектеги президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилегенине тушташ пайда болду. Мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо кампаниясы анын күнү белгиленген чечимдин расмий басма сөздө жарыяланышынан тарта башталат. Федерация кеңешинин кечээги чечим ушул апта ичинде же 1-декабрдан кеч эмес жарыяланышы керек.

Ал эми Федерация кеңешинде маселени кароо учурунда Владимир Путиндин алдыдагы шайлоого катыша алар-албасы талашка түштү. Маселе боюнча орус парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Сергей Миронов менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровдун көз карашы кайчы чыкты. БШК төрагасы Путин кандай болгон күндө да алдыдагы шайлоого катыша албасын айтса, Федерация кеңешинин төрагасы Путин үчүн мындай мүмкүнчүлүк бар экенин кыйытты.

Мироновдун айтымында, "Президентти шайлоо жөнүндөгү" мыйзамдын 3-беренесинин, 5 -бөлүгүнө ылайык шайлоо күнү расмий жарыяланган убакта Орусия президентинин кызматын экинчи мөөнөткө катары менен ээлеп турган адам кайра шайлана албасы көрсөтүлгөн. Мироновдун пикиринде, эгер Путин отставкага кетип, ошол чечим жарыяланган күнү президент деп эсептелбесе, дагы бир мөөнөткө шайлоого катышууга укуктуу. Ал катары менен келген мөөнөт деп саналбайт. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Орусия боюнча аналитиги Роберт Коалсон азыр эксперттер арасында окуялардын дал ушундай сценарий менен өнүгүшү жөнүндө пикирлер бар экенин белгилейт:

- Ооба эксперттер эгер ал кызматтагы азыркы мөөнөтүнөн президенттик шайлоонун убактысын белгилеген токтом басма сөздө расмий жарыяланганга чейин чегинсе, техникалык жактан үчүнчү мөөнөт үчүн шайлоого чыга аларын айтышууда. Бул анын буга чейинки эки мөөнөтүнүн артынан катар келген мөөнөт деп эсептелинбей калат. Андан кийин ал теориялык жактан кийинки экинчи мөөнөткө да катыша алат.

Айтор, Путин кийинки мөөнөткө шайлоого катышуу үчүн кызматтан чегинип, мамлекет башчылыкты убактысынча ишенимдүү адамына өткөрүп берери жөнүндөгү божомолдор кезинде Санкть- Петербургда аны менен чогуу иштешкен, жашы алтымыштан ашып калган Виктор Зубков быйыл сентябрда премьер- министрликке келгенден бери эле айтылып жаткан. Андыктан, Зубковду көпчүлүк убактылуу президент катары карашууда. Жогорудагыдай сценарий, Путин такай өзү каршылыгын билдирип келе жаткандай, Конституциянын өзгөртүлүшүнө алып барбайт, баары өз орудунда калат.

Владимир Путиндин кызматтан 29-ноябрда күтүлүп жаткан ыктымал чегинүүсү менен 2008-жылдын маселеси жөнөкөй эле чечилип калышы мүмкүн. Ал өз кайрылуусунда Оңчул күчтөр союзу өңдүү оппозициячыл партиялар аны президенттик кызматын Дума шайлоосуна таасир көргөзүү максатында пайдаланууда деп айыптап жатканын да эскере кетиши ыктымал. Жакында эле Орусиянын Жогорку соту Оңчул күчтөр союзунун Путиндин Мамлекеттик думанын депутаттыгына талапкерлигин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арызын четке каккан эле.

Дагы бир кызык жагдай, "Коммерсанть" гезити 26-ноябрдагы санында Путиндин 29-ноябрда күтүлүп жаткан кайрылуусу буга чейинкидей Кремлден эмес, Останкино теле борборунан жасаларын жазып чыкты. Бул кичинекей кадам да ал Кремлдин атрибуттарынын айрылып, Думанын депутаттыгына гана талапкер болуп калган жөнөкөй жаран экенин көргөзгөн белги болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG