Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

АННАПОЛИС ЖЫЙЫНЫ: АКШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА АРАБ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН КОЛДООСУНА МУКТАЖ


27-ноябрда АКШнын Аннаполис шаарында ачылып жаткан Жакынкы Чыгыш боюнча конференция 7 жыл илгери токтоп калган тынчтык жараянын жандантууну көздөйт. Саммит баштала электе эле эксперттер америкалык дипломаттардын ийгилиги тууралуу сөз кылышууда. Эмне дегенде, Ирандын каршылыгына карабай, бир катар араб өлкөлөрү жыйынга катышуу ниетин билдиришти.

Ошол эле маалда конференция натыйжалуу болот деп үмүттөнгөндөр аз. Мындан улам АКШ эмне үчүн ага ушунча аракет жумшап жатат? - деген суроо пайда болууда. Конференциянын алдында Израиль-Палестина жаңжалын жөнгө салуу керектиги тууралуу көп сөздөр айтылды:

- Биздин максатыбыз бир: демократиялык эки мамлекет – Израиль жана Палестина жанаша бейпилдикте жана коопсуздукта жашоого тийиш. Бул максатка жетүү үчүн бир топ компромисске барыш керек, израилдиктер да палестиналыктар да ушундай кадамга барууга даяр лидерлерди тандашты, - деди кечээ президент Жорж Буш.

Ошол эле күнү Вашингтондо Буш менен жолугушкандан кийин Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жыйын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин жандантууга түрткү болот деген үмүтүн ортого салды:

- Конференцияда тынчтык келишимине алып келе турган сүйлөшүүлөрдү жандантуу, аларды кеңейтүү чечими кабыл алынат деп ишенебиз.

Бирок мындай орток үмүт-максаттарга карабай, Аннаполис жыйыны Израиль менен Палестинаны сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтарууну көздөгөн келишим менен гана чектелиши ыктымал.

Андай болсо эмне үчүн Вашингтон конференцияны уюштурууга ушунча аракет көрүп келди? Кээ бир байкоочулардын болжолунда бул жерде “кызматка кызмат” деген принциптин белгилери жок эмес.

Араб мамлекеттери көптөн бери Буш администрациясына кысым жасап, Израил-Палестина чатагына көңүл бурдуруу аракетин көрүп келатышат.
АКШ өз кезегинде араб мамлекеттерин Буштун Жакынкы Чыгыш саясатында союздаш катары көргүсү келет. Ирандын чөлкөмдөгү таасирин азайтуу аракеттери ошол саясаттын маанилүү бир бөлүгүн түзөт.

Тегерандын таасири Иордан дарыясынын Батыш жээгин Ирандын шериги Хамас согушкер тобу көзөмөлгө алгандан кийин даана сезилди. Экинчиден, Иран менен Сирия Хезболла согушкер уюмун биргелешип колдошот. Уюм өз кезегинде Ливандагы демократияны чыңдоо аракеттерине жолтоо болуп келатат. Ал эми Ирактын келечеги боюнча маселеде АКШ менен Иран карама-каршы турумуду ээлешет.

Мунун баарын эске алганда Сириянын конференцияга катышуусу Вашингтон үчүн өзүнчө эле бир жеңиш десе болчудай. Тегеранга шеригинин бул чечими албетте жаккан жок. Иран Хамас жана Хезболла менен катар Израил-Палестина тынчтык келишимине каршы жана Израил мамлекетин тааныбай келатат.

XS
SM
MD
LG