Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:20

28-НОЯБРДАГЫ ТАРЫХ ОКУЯЛАРЫ


1679-жылдын 2-ноябрында Томь воеводасы монголдордун Алтын хан мамлекетинин өкүмдары Лубсан контайжининин элчилери келгендигин билдирген. Казакстан бийлиги 2005-жылдын 28-ноябрында казак-кыргыз чек арасын бир тараптуу жапты.

Томь воеводасы П. И. Львов менен Ф. И. Леонтьевдер монголдордун Алтын хан мамлекетинин өкүмдары Лубсан контайжининин элчилери келгендигин билдирип, 1679-жылдын 28-ноябрында орус падышасына кат жолдогон. Монгол өкүмдары орус падышасына кыргыздарга каршы биргелешип согушуу туурасында сунуш киргизип, өз элчилигин жөнөткөн. Бу убакта алтынхандар Красноярксиден анча алыс эмес жерде орун алып, монголдор кыргыздардын саясий жактан күч алышын каалашкан эмес. Кыргыз өлкөсүн айтылуу өкүмдар Еренак жетектеп, анын убагында кыргыз бийлигинин саясий ооматы артып, жакынкы коңшулары алар менен эсептеше башташкан. Орус бийлиги буга чейин кыргыздар менен жетишилген келишимди бузгусу келбей, монгол өкүмдарынын сунушун кабыл албай, аларды куржалак артка кайтарган.

Пишпек уездинин начальниги Ф. Г. Рымцевич 1916-жылдын 28-ноюбрында Жетисуу аскер губернаторуна билдирүү жолдогон. Уезддик начальник аймакта кулач жайган 1916-жылкы көтөрүлүштүн жүрүшү жана уезддик бийликтин ага каршы көргөн чаралары туурасында жогорку бийликке отчет берген.

2005-жылдын бу күндөрү казакстандык күч органдары Алматы базарында соода кылган кыргызстандыктарды өлкө тышына себепсиз чыгарып баштады. Кыргыз-казак чегарасына алынып келген кыргызстандык атуулдар 28-ноябрда өкмөт үйүнүн мадайына топтолуп, стихиялуу митинг өткөрүштү. Премьер-министр Феликс Кулов «депортациялоонун» себебин түшүндүрүүнү өтүнүп, Казакстан өкмөтүнө кайрылды.

Аналитиктердин айтымында, Казакстан бийлиги 4-декабрга күтүлүп аткан президенттик шайлоого утурлай, «жаңжалдуу коңшудан экспорттолчу төңкөрүш таасиринен коргонуу максатында» кыргызстандыктарды мамлекет тышына чыгарган. Ушул максатта Казакстан бийлиги 28-ноябрда казак-кыргыз чегарасын бир тараптуу жапты.

Бу күнү, 1943-жылы Тегеранда үчтүктөр союзуна кирген СССР, АКШ, Улуубритания мамлекет башчыларынын конференциясы башталып, 1628-жылы англис жазуучусу Беньян Джон, 1632-жылы француз композитору Люлли Батист, 1803-жылы француз жазуучусу Проспер Мериме, 1820-жылы коммунисттик окуунун негиз салуучуларынын бири-Фридрих Энгельс, 1880-жылы улуу акын Александр Блок, 1881-жылы австриялык жазуучу Стефан Цвейг, 1888-жылы шахмат боюнча 3-дүйнө чемпиону Хосе Рауль Капабланка, 1908-жылы француз антропологу Клод Леви-Строс жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG