Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

ООГАНСТАНДА МИЛЛИОНДОГОН БАЛДАР АЧ-ЖЫЛАҢАЧ КАЛГАН


Ооганстандын баш калаасында эл аралык донорлор жетимдер жана жарды бүлөлөрдүн балдары үчүн жаңы борбор ачты. Мындай борборлор ач-жылаңач, билим алууга мүмкүнчүлүгү жок миллиондогон балдардын саналуу бөлүгүнө болсо да үмүт отун жандыраарды.

Сегиз жаштагы Халед өзү жашаган Кабулдун Кала-и-Заман Хан ооданындагы жаңы борборго өзөк жалгаганы келет:

- Бизге күндө эртең менен сүт беришет, таттуу токоч, башка тамак ичебиз. Сабак окуп, сүт, көп тамак ичкенибизге абдан кубанычтабыз.

Кала-и Заман Кан борборунан жардам алган көп балдардан айырмаланып, Халеддин ата-энеси бар. Атасы өкмөттүк агенттикте иштейт. Бирок анын жарыбаган айлыгы үй-бүлөсүн бакканга жетпейт, ошондуктан Халедди базарга сигарет, желим баштык жана башка майда-чүйдө сатканы жиберишет.

Канадалык жана башка бейөкмөт уюмдардын жардамы менен түзүлгөн борбордо 120 Халед өңдөнгөн жарды бүлөрлөрдүн балдары жана жетимдер жардам алат. Акыркы 6 жылда Ооганстанда мындай ондогон борбор ачылды, алардын айрымдарын эл аралык уюмдар колдосо, башкалары жергиликтүү каражатка курулду. Ооганстанда мындай колдоого муктаж балдардын саны миллиондоп саналат. Кабулдун өзүндө эле жетиден 16 жашка чейинки ач-жылаңач 60 миңдей бала бар. Жетимдердин көбү туушкандарыныкында жашайт. Кээ бирлеринин аталары согушта өлүп, же майып болгондуктан, балдар иштеп, акча табууга мажбур.

Ооганстандын 2001-жылы фундаменталист талибдер кулатылгандан берки эң чоң жетишкендиги мектептердин кайра ачылышы болду. Учурда бүт өлкө боюнча 6 миллион балдар билим алып жатат. Ооган өкмөтүнүн болжолунда, дагы деле миллиондогон баланын окуганга мүмкүнчүлүгү жок. Көбү жарыбаган акы үчүн жанын карч уруп иштеп жүрүшөт.

Мухаммад Юсиф жетим жана жарды балдарга жардам берген Ашяна борборунун директору. Ал Азаттыктын ооган кызматына мындай балдарга эч кандай колдоо жок экендигин мындайча билдирди:

- Иштеген же кайыр сураган бала таң азандан туруп, базарга жөнөйт. Соодагерлер аларды "Жогол, биздин оокатты уурдайсың" деп кубалашат. Көпчүлүк аларды катардан калгандар деп санашат. Балдар суукта калса, жок кырсыгында же минага жарылып өлсө, эч кимдин иши жок.

Бул уюм чет элдик донорлордун колдоосу менен Кабулда, Балх, Херат жана Парван дубандардында 10 миңдей балага жардам берет. 14-16 жаштагы балдар бул уюмдун кеңселеринде компютер менен иштегенди, сүрөт тартканды, кийим тигип, чач кыркканды үйрөнүшөт. Уюм психологиялык кеңеш берүүнү да колго алган, андан тышкары балдардын укуктары, ВИЧти жана СПИДди алдын алуу сыяктуу саламаттык жаатында маалымат таркатат.

Жети жаштагы балдар бир үйбүлөнүн жалгыз карманганы болгон үйбүлөлөр бар. Ашяна жана анын шериктери бул балдардын ата-энелерине иш тапканга жардам көрсөтүп, зарыл болгон эң жөнөкөй кесиптерге окутат. Булар адатта күйөөлөрү согушта курман болгон жесирлер.

Фаридун - Жузжан дубанынан, 7 жаштагы чыт курсак бала. Ал биздин радиого "балдар менен ойногон" дегенди билбей калганын минтип баяндады:

- Мектепке баралбайм, иштешим керек. Жарды болгон жаман. Кээде иш жок болуп калганда, кайыр сурайм.

Фаридундун айлында сүт, таттуу токоч берип, окута турган балдар үйү жок.

Ооганстандагы бейөкмөт уюмдар өз ишмердүүлүгүн Кабулдан сырткары жактарга да жайылта башташты. Бирок Мухаммад Юсуфтун ишениминде, ооган өкмөтү, өкмөттүк эмес уюмдар жана эл аралык донорлор биргелешкен аракети менен гана Ооганстанда жаш балда рдын жакырчылык маселесин чечүүгө мүмкүн болот.

XS
SM
MD
LG