Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

КЫТАЙЛЫК ТОВАРЛАР ЕВРОПАНЫ КАПТАП КЕТТИ


Шаршембиде Бэйжинде Кытай жана Европа Биримдиги жылдык салттуу саммитине чогулушту. Экономикалык маселелерге басым жасалган жыйында Евробиримдиктин улам өсүп бараткан соода дефицити, Кытай өз экспортун көбөйтүш үчүн улуттук валютасы – юаньды жасалма түрдө арзан баалап жатканы айтылды. Бирок глобалдык экономика үчүн дүйнөдөгү бул эки килейген соода базары өз ара кызматташтыгын күчөткөнү оң,- деп белгилешет эксперттер.

Кытайдагы саммитке Евробиримдиктин делегациясын Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэль Баррозо баштап барды. Жолго чыгаар алдында ал Бэйжиндеги саммит дүйнөдөгү эки ири соода ажыдаарынын экономикалык мамилелерине реалдуу өзгөрүү алып келишин кааларын айткан. Бул оңой-олтоң иш эмес, - деп комментарийлешти Батыштык басылмалар, анткени Кытайлык саясатчылар уккусу келбеген аргументтерди угумуш этип кутулуу жагынан алдына киши салбайт эмеспи.

Ал эми Брюсселдин Бэйжиндин алдына койчу аргументтери арбын. Алсак, Евробиримдиктин соода комиссары Питер Мэнделсон айткандай, Евробиримдиктен 1 млрд 300 млн калктуу Кытайга караганда алакандай Швейцария алда канча көбүрөөк буюм-тайым, тамак-аш сатып алганын түшүнүү кыйын. Ошол эле маалда Кытайда өндүрүлгөн товарды эң көп сатып алган тарап – Евробиримдикке кирген өлкөлөр. Еврокомиссия президенти Баррозо быйылкы көрсөткүчтөргө ылайык, жыл аягына дейре Кытай-Евробиримдик ортосундагы соода дефицити 253 млрд долларга айланаарын, ортодогу айырма акылга сыйбай турган деңгээлге жеткенин белгиледи.

- Евробиримдик менен Кытайдын ортосундагы соода таңсыктыгы - эки тараптын жетекчилери айрыкча көңүл бура турган саясий маселеге айланды. Ушу тапта түзүлгөн кырдаал мындан ары чыдагыс деңгээлге жетти.

Ошентип, Кытай Европага саткан товардын көлөмү, тескерисинче, ал жактан сатып алганга караганда 253 млрд долларга ашып кетип, Европалык жетекчилер Кытай тараптан экономикалык коркунуч каптап келатат деп эскерте баштады. Бирок, маселенин түбүндө эки тараптын валюталарынын наркы ортосундагы айырма жатат. Батыш тарап Кытай өкмөтү атайлап юаньдын алмашуу курсун төмөн кармап, Европаны арзан баадагы товарга көөмп салмай болду деп айгай салууда. Ошол эле маалда Европалык орток акча – евро улам кымбаттап отуруп, соңку 1 жыл ичинде юаньга карата 11%га оорлой түшкөн.

Бэйжинде Евробиримдик менен Кытайдын баш банкирлери жолугушуп, эки валютанын бири-бирине болгон катышын жолго салуу багытында кызматташууну макулдашышты. Байкоочулар бирок, Кытай өз улуттук валютасын катуу көзөмөлдөө саясатын канча жылдан бери өзгөртпөй келатканын айтышат.

Евробиримдик андан тышкары өнөр жайы дүркүрөп өсүп бараткан Кытай жер жүзүндө аба-ырайы ысып баратышына каршы чукул чаралар көрүшү керектигин белгилешти. Кытайда соңку жылдары кара майды пайдалануу орто эсеп менен жылына 10-11%га өсүп отуруп, ушу тапта али глобалдык жылуулукка салым кошкон өлкөлөр тизмесинде АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG