Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

10:08 Зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн учпай калышты


Алдын ала белгиленген тартип боюнча зыяратчылардын алгачкы тобу Ош аэропортунан бүгүн таңкы саат алтыда сапарга чыгышмак. Бирок зыяратчылардын визалары бүтбөй калганына байланыштуу учпай калышты. Эми документтер даяр болсо аларды бүгүн кечки саат алтыда учуруу күтүлүүдө. Бул тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Бишкектеги «Манас» аба майданынан жөнөчү зыяратчылардын сапары болсо 2-декабрда башталат. Быйыл зыяратчыларды 5 авиакомпаниянын учактары ташып, алар Меккеге жакыныраак делген Фужера, Акаба сыяктуу шаарларга конушмакчы. Зыяратчылар андан ары автобус менен жол тартышат. Ажылык сапарга быйыл Кыргызстандан төрт жарым миңдей киши чыкмакчы.(SM)

XS
SM
MD
LG