Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

10:49 Зыяратчылардын добуш берүүсүнө байланышкан маселе чечиле элек


Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик 10-декабрга чейин кетчү зыяратчылардын 16-декабрдагы парламенттик шайлоого карата алдын ала добуш берүү маселесин чечип берүү боюнча БШКга бир канча жолу кайрылган. Бирок азырга дейре жооп боло элек, балким бул маселе бүгүн чечилип калышы мүмкүн, - деп билдирди «Азаттыкка» аталган агенттиктин башчысы Тойгонбек Калматов. БШКдан билдиришкенге караганда мыйзам боюнча өлкөдө алдын ала добуш берүү 10-декабрда башталат. Зыяратчылардын алгачкы тобу болсо бүгүн-эртең сапарга чыгуу алдында турат. Агенттик алгач 10-декабрга чейин жолго чыкчу зыяратчылар Сауд Аравияда добуш берүүсүн болжолдогон. Бирок бул өлкөнүн бийлиги саясий иштерди диний жөрөлгөгө аралаштырбоо тууралуу жооп берген.(SM)

XS
SM
MD
LG