Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

ЖАШЫЛДАР ПАРТИЯСЫ “АК ЖОЛДУ” СОТКО БЕРДИ


Биринчи май райондук соту бүгүн Жашылдар партиясынын арызын кароону улантат. Эркин Бөлөкбаев башында турган партия соттон «Ак жол» партиясынын шайлоо тизмесин каттоо жөнүндөгү БШКнын чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Кечээки отурумунда сот арыздануучу тараптын дооматтарын жана ага карата БШК менен «Ак жол» партиясынын өкүлдөрүнүн жоопторун укту.

Жашылдар партиясы БШКны «Ак жол» партиясынын тизмесиндеги мыйзам бузууларды көрмөксөнгө салып каттап койгон деп күнөөлөп жатат.

Жашылдардын дооматына караганда «Ак жол» Шайлоо Кодексинин 72-беренесинин экинчи жана үчүнчү пункттарын бузган. 2-пунктта, маселен, «Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын курултайында жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат» деп жазылган.

Партия лидери Эркин Бөлөкбаевдин айтымында, «Ак жолдун» 10-ноябрда өткөн кезексиз курултайы жашыруун добуш менен бекиткен тизмени бузуп, партия кийинчерээк төрт талапкерди чыгарган жана анын ордуна төрт талапкерди киргизген. Мындан тышкары 30 кишинин орундары алмаштырылган. Бул жеке эле Шайлоо Кодексин эмес, партиянын өзүнүн уставын да бузуп жатат дейт Бөлөкбаев:

- Уставда бешинчи берене, тогузунчу абзацта курултай гана чече алат деп турат. Бешинчи берененин он экинчи пункту боюнча саясий кеңеш чече албайт. Башка маселелерди чече алат, бирок муну эмес. Ошо курултайда жүргөн кишилер, чыгып кеткендер, айдалып чыккандар бизге айтып жатышат.

Жашылдар партиясынын мындай дооматына БШК макул болгон жери жок. Анын өкүлү катары сотко катышкан шайлоо комиссиясынын мүчөсү Дамир Лисовский бардык аракеттерди партия мыйзам менен негиздеп бергенден кийин гана БШК көпчүлүк добуш менен тизмени каттаганын айтты:

- Биз БШКда караганга чейин Саясий кеңеш курултайдын уруксаты менен өзгөртүү киргизгендигин биле элек болчубуз. Башка партиялар тарабынан бул маселе көтөрүлгөндө бул маселе күн тартибине коюлуп, БШКнын он мүчөсү бул мыйзамга дал келет деп чечти. Эки мүчөсү каршы болду.

Кызыкдар тарап катары сотко катышкан партиянын өкүлү Сыдыгалиев да Жашылдарга мыйзамдар менен толук таанышпай туруп доомат коюп жаткандыгын белгиледи:

- Биздин «Ак жол» партиябыздын курултайларынын аралыгында партиянын ишин төрага, анын орун басары баштаган 35 кишиден турган саясий кеңеш жетектейт.

Өкүлдүн билдиргенине караганда, партиянын тизмесинен чыккан төрт адамдын экөө жашы жете электигине байланыштуу, экөө өз арызына ылайык чыгарылды. Алардын ордун саясий кеңеш курултайдын берген укуктарынын негизинде толтурду:

- Төрт киши чыгып аткандан кийин саясий кеңеш курултайдын чечимин аткарып, тизмени жүзгө жеткирүүгө милдеттүү. Мына ушуга байланыштуу өзгөрүү кирди.

Бирок, арыздануучу тарап жаңы киргизилген ар бир талапкер курултайдын катышуучуларынын жашыруун добушунан кийин гана тизмеге киргизилиши керек деп эсептеп жатат. Буга байланыштуу «10-ноябрдагы курултайдын жашыруун добушуна кирген жүз адамдан тышкары дагы төрт адамга добуш берилди беле жок беле?» деген арыздануучу тараптын суроосуна кызыкдар тарап тыянактуу жооп берген жок.

«Жашылдар» партиясы соттун бүгүн улана турган отурумуна тараптардан кезексиз курултайдын добуш берүү бюллетендеринин түп нускасын алып келүүнү жана Шайлоо комиссиясынын «Ак жолду» каттаган күнкү отурумунан жазылып алынган видеотасманы сотто көрсөтүүнү суранды.

Видеотасма ким тарабынан тартылгандыгы, кимден алынгандыгы жөнүндө маалымат ачыкталбагандыктан, судья мыйзамга дал келбейт деп, сунушту четке какты. Бюллетенге байланышкан сунуш ачык бойдон калды.

Эркин Бөлөкбаевдин башка сунуштарына ылайык судья тараптарды Эсеп комиссиясынын жана БШКнын протоколдорунун толук көчүрмөлөрүн алып келүүгө милдеттендирди. Сот тыянагын бүгүн чыгарары күтүлүүдө.

Президент Курманбек Бакиев негиздеген «Ак Жол» элдик партиясына байланышкан соттук териштирүүлөр шайлоо өнөктүгү башталгандан бери экинчи ирет жүрүп жатат.

Биринчисинде БШКнын саясий партиялар жалпы республикалык тизменин эсебинен эки шаар менен облустардан 0,5% добушун алышы керек деген чечимин жокко чыгарууну сурап сотко «Ак жол» өзү кайрылган. Сот бул сунушту канагаттандырган эмес. Байкоочулар муну президенттик партиянын кезектеги саясий оюну катары баалашкан.

XS
SM
MD
LG