Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

ХЕЛЬСИНКИ КОМИССИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ ЕККУ ЧЕЧИМИНЕ АКШ АРАЛАШКАН ЖОК ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


Орусияда ушул жекшембиде өтүүчү парламенттик шайлоого ЕККУнун байкоочулары катышпайт. Москва мындай чечим Кошмо Штаттардын кийлигишүүсү менен кабыл алынганын айтып чыккан эле. Мамлекеттик департамент жогорудагыдай ырастоону төгүндөгөн. ЕККУнун Орусияга байкоочуларды жөнөтпөө чечимине АКШ аралашкан жок деп эсептерин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда Хельсинки комиссиясынын төрагасы, конгрессмен Алси Гастингс да билдирди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун шайлоолорго байкоо жүргүзүү менен алектенген мекемеси – Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро деп аталат. Ал эми Хельсинки комиссиясы АКШнын ЕККУга мүчө өлкөлөр өз милдеттенмелерин кандай аткарып жатканына байкоо салган, көз карандысыз, өкмөттүк агенттиги. Бул мекемени азыр Демократиялык партиянын өкүлү, Флорида штатынан шайланган конгрессмен Алси Гастингс жетектейт.

ЕККУ уюму ушул айдын башында Орусиядагы парламенттик шайлоого байкоочуларды жибербөө чечимине келгенин жарыялаганда, мунун жүйөөсүн орус визасын алуу учурунда кабылган тоскоолдуктарга, байкоочулардын иштөөсүнө шарт түзүлбөсүнө байланыштырган эле. Андан көп өтпөй эле орус президенти Владимир Путин жогорудагыдай чечимдин артында АКШнын Мамлекеттик департаменти турганын айтып чыкты. Путиндин пикиринде, мындай кадам шайлоонун легитимдүүлүгүнөн күмөн санатуу аракети:

-Биздеги маалыматка караганда, бул кайрадан АКШнын Мамлекеттик департаментинин сунушу менен жасалды. Биз муну сөзсүз бул өлкө менен эки тараптуу мамилебизде эске алабыз.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусия президентинин айыптоосун төгүндөгөн. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун чечимине Кошмо Штаттардын эч кандай катышы жок экенин Хельсинки комиссиясынын азыркы төрагасы Алси Гастингс да "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда билдирди:

- Чын жүрөктөн айтканда, менимче тышкы байкоочуларга шайлоонун легитимдүүлүгүнө жардам берип, ага зыян келтирбейт деген жүйөө менен жол бербей коюу аркылуу алар өздөрү жабыр тартат. Демек, мен буга макул эмесмин. Менимче, Кошмо Штаттар президент Путин кабыл алган чечим үчүн эч нерсе жасаган жок.

Шайлоолорго байкоо жүргүзүү маселеси ЕККУнун министрлер кеңешинин Испания борбору Мадридде бейшембиде башталып, бүгүн улануучу жыйынында кызуу талашка түшчүдөй. Орусия жыйындын кароосуна ошол шайлоого байкоо жүргүзүү менен алекетенген мекеме- Демократиялык институттар жана адам укктары бюросунун ишин чектөөнү, аны уюмга мүчө өлкөлөр көзөмөлгө алуусун караган сунуштарын берген эле.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жыйынга келген орун басары Николас Бернс муну ЕККУнун байкоо жүргүзүү түйүнүн алсыратууга багытталган кадам катары баалап, Вашингтон азыр да, келечекте да бул маселе боюнча мунасага барбасын, "бир миллиметр" да артка чегинбесин белгиледи. Орусиядан башка Казакстан, Өзбекстан, Беларус колдогон бул сунуш жыйында кабыл алынбасы күтүлүүдө. Буга байланыштуу Хельсинки комиссиясынын төрагасы Алси Гастингс мындай дейт:

- Мен, албетте, алардын бул уюмдун ишенимдүүлүгү күмөн саноого кириптер болушун сунуш кылуу өнөкөтүндөгү таасирин күбөлөндүргөн мисалдарды келтирдим. Мен мындай позицияга макул эмесмин. Менимче, уюм ага катышкандардын баарына, анын ичинде Орусига да жардам берүүдө. Бирок, мен чынында алар таасир көргөзүүнү караган жол уюм үчүн зыяндуу экенин көрүп турам.

Хельсинки комиссиясынын төрагасынын ишениминде, Орусиянын аракетине карабай, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун байкоо жүргүзүү ролу күчтүү бойдон калат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG