ИИМдин маалымат кызматы кечээ Е. Ведат менен А. Халалдын визасын узартабыз деп алдап ар бирининен алты жарым миң сом жана үч жүз элүү доллардан алган Т.С. Бубенко менен түрк жараны Экрем Кома кармалганын жарыялады. Ушул эле күнү Пакистандын атуулу Н. Ахмед да алдамчылык кылган деп колго түштү. Ахмед пакистандык А.Р Саед менен К.А. Махамаддын ар биринен он жарым миң сом жана үч миң долларын виза узартып берем деп өөнөп алган. (EBM)