Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

БИЙЛИК ШАЙЛООДО ОППОЗИЦИЯНЫ АЛДЫГА ЧЫГАРБОО АРАКЕТИН КӨРҮҮДӨБҮ?


Учурда Кыргызстанда 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан кез. Үгүт иштери ушул жуманын башынан тарта башталган. Бирок оппозициялык маанайдагы айрым партиялар үгүт өнөктүгүнүн алгачкы жумасы бир катар тоскоолдуктар, мыйзам бузуулар жана коркутуп-үркүтүүлөр менен коштолгонун, бийлик өкүлдөрү президент Курманбек Бакиев негиздеген «Ак жол» партиясы үчүн иштеп жатканын айтышууда.

Шайлоо өнөктүгү башталган күндөн тарта эле бир катар тоскоолдуктарга кабылганын, биринчиден улуттук телеканал келишим түзүлгөнүнө карабай жарнамасын эфирден бербей жатканын «Ата мекен» партиясы билдирди. Ошол эле учурда ушул бейшембиде партиянын Кадамжай районундагы штабынын өкүлдөрүн өздөрүн ынкылапты коргоо комитетинин мүчөлөрүбүз деген топ келип опузалап, штабды жабууну жана партиянын бул аймактагы ишин токтотууну талап кылышкан. Партиянын маалымат катчысы Жоомарт Сапарбаев бүгүн «Азаттыкка» мындан башка да бир канча тоскоолдуктар болуп жатканын санап берди. Маселен, Ысыккөлдүн Бостери айылындагы жолугушуу учурунда электр кубатын өчүрүп коюшса, Кант шаарында да жолугушууну болтурбоо максатында партия өкүлдөрүн парктан кууп чыгышкан. Эң соңкусу, бүгүн Ноокат районунда өзүн район прокурорунун жардамчысы деп тааныштырган адам участкалык комиссиянын курамына кирген партия мүчөлөрүн «өз ыктыярыңар менен комиссиядан чыгып кеткиле», - деп коркутуп кеткен. Жоомарт Сапарбаев учурда бул окуя териштирилип жатканын, ал боюнча тиешелүү тараптарга кайрылышаарын кошумчалап, бул окуялар шайлоодо «Ата мекенди» алдыга чыгарбоо учун бийлик ушундай жолго барып жатканын көрсөтүүдө дейт:

- Бул окуялар эмнени көрсөтүүдө? Биринчиден, админстративдик ресурсту колдонуу менен биздин мүчөлөрдү коркутуп, шайлоого жеңишке жеткирбеш үчүн бийлик ушул сыяктуу ар кандай жолго барып жатканын көрсөтүүдө.


Социал-демократтар партиясы да ушул сыяктуу тоскоолдуктарга кабылып жатканын партиянын жоопту катчысы Эдил Байсалов мындайча билдирди:

- Улуттук телеканал биздин роликтерди берген жок. Бишкекте шаар ичинде каттачу кичи автобустарга жактоочуларыбыз үгүт кагаздарыбызды, плакаттарыбызды илип койсо эки күндөн бери МАИ кызматкерлери аларды токтотушуп, алдыртып атат. Минткенге укугу жок болсо да ошондой ишке барып атышат. Жалалабатта партиянын желегин, көрнөк-жарнактарын өрттөп жаткан учурлар болууда. Биздин активисттерибизди түздөн-түз коркутуулар да жок эмес. Бийлик өкүлдөрү абдан ыплас, мыйзамсыз иштер менен баардыгы бир партия үчүн иштеп жатат.

Бирок ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү бир партия учун иштеп жатат дегенге «Ак жол» партиясынын өкүлү Динара Молдошева макул эмес:

- Шайлоодо бир гана админстративдик эмес башка ресурстар да болоору белгилүү. Бирок «Ак жол» партиясы эч кандай ресурсту, админстративдикпи же башка ресурспу аны колдобойбуз. Бизди колдогон жактоочуларыбыз менен гана иштеп, шайлоого баратабыз.

Динара айым ошондой эле «Ак жол» партиясы да айрым тоскоолдуктарга кабылып жатканын, маселен Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы партиянын штабын кечээ кайсы бир адамдар келип өрттөйбүз деп коркутуп кеткенин айтып, аны чагым деп эсептээрин билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү болсо мындай окуялар, тоскоолдуктар боюнча азырынча эч кайсы партиядан арыз түшө электигин айтышууда. Бирок БШКнын дагы бир мүчөсү Акылбек Сариев кайрылуу, арыз түшсө-түшпөсө да ошондой малыматтар болуп аткан соң Борбордук шайлоо комиссиясы кырлдаалды көзөмөлдөөгө милдеттуу экенин айтат:

- Негизи БШК шайлоого байланышкан кырдаалды, өнөктүккө катышып жаткандардын укуктары бирдей сакталышын көзөмөлдөп, ага шарт түзүп бергенге милдеттүү. Ошол көзөмөлдүн негизинде жанагындай учурлар болсо чара көрүш керек. Тилекке каршы азыр андай болгон жок.

Ошентип оппозициялык партиялар үгүт өнөктүгүнүн алгачкы аптасы ушундай тоскоолдуктар менен коштолгонун айтышууда. Айрым талдоочулар болсо эгер мындай аракеттер улана берсе өлкөдө коомдук-саясий абалдын курчушуна алып келиши мүмкүндүгүн болжошууда.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG