Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

ОРУСИЯ ШАЙЛООСУ: ДОБУШ ЭСЕБИНИН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Орусиянын Борбордук шайлоо чордонунун (БШЧ) маалымдашынча, шайлоо бүллетендеринин эсептелип бүткөн 29 пайыздай бөлүгүнүн натыйжасына караганда Орусия Думасына төрт гана партия жолдомо алууда. Алар – президент Владимир Путин сапта биринчи болуп турган “Бирдиктүү Орусия” партиясы, Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы, Либерал-Демократиялык партия жана “Адилет Орусия” партиясы.

БШЧнын маалымдашынча, “Бирдиктүү Орусия” партиясы саналган добуштардын 63 пайыздан ашуунун алган. Ал эми Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы азырынча 11 пайыздан ашуун добуш менен экинчи орунда келүүдө.

Владимир Жириновскийдин айтылуу Либерал-Демократиялык партиясы коммунисттерге дээрлик куйрук улаш (10 пайыздан көбүрөөк) турат. Сергей Мироновдун “Адилет Орусия” партиясы 7 пайыздан саал көбүрөөк добуш менен парламенттик босогодон өтчү көрсөткүчкө жетишти.

Добуштардын эң алгачкы 12 пайызы саналган чакта, “Яблоко” (“Алма”; 1,2%), Оңчул күчтөр биримдиги (1.1%), “Атуулдук күч” (0.9%) сыяктуу партиялар азырынча бир пайыздын ары-жак-бери жагын гана алганы маалымдалган.

(Парламенттен орун алуу үчүн орусиялык партия бери дегенде 7 пайыз добуш алууга тийиш).

Албетте, улам жаңы эсептөөлөр бул сандык көрсөткүчтөргө тийешелүү өзгөртүү киргизээри шексиз.

“Бирдиктүү Орусия” партиясынын төрагасы Борис Грызлов алгачкы жыйынтыкты “(президент) Владимир Путиндин алгачкы айлампадагы жеңиши” деп баалады.

Коммунисттердин жетекчиси Геннадий Зюганов болсо шайлоо жыйынтыгы бурмаланды, коммунисттер бул көрсөткүч менен чектелбестен, БШЧга катарлаш эле өз алдынча добуш саноо аракетин жасайт деп билдирди.

Владимир Жириновскийдин алгачкы көрсөткүчкө карата маанайы дурус болду. Ал “Эркин Европа/Азаттык” үналгысы үчүн курган маегинде бул тууралуу ачык айтты.

Оңчул күчтөр биримдигинин лидери Никита Белых 2-декабрдагы шайлоону Орусиянын тарыхындагы өзгөчө ыплас ыкмалар менен уюштурулган шайлоо катары кескин сынга алды.

Көз карандысыз байкоочулар Орусиядагы парламенттик шайлоо бийликчил партиянын пайдасына бийликтик ресурстардын арбын колдонулушу, одоно мыйзам бузуулар, кеңири өлчөмдөгү бурмалоолор менен коштолгонун билдирүүдө.

«Азаттык» үналгысы дүйшөмбү таңкы берүүсүндө угармандарга Орусиянын мамлекеттик Думасына шайлоонун алгачкы жыйынтыгы тууралуу кеңири маалымат сунуш кылмакчы.

XS
SM
MD
LG