Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

18:36 Баткенде социал-демократтардын шайлоо жарнактарын тытып салышкан


Бул тууралуу социал-демократиялык партиянын облустук бөлүмүнүн башчысы Гыламидин Абдрахманов «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, аталган партиянын Баткен шаарынын көчөлөрүнө илинген шайлоо жарнактары белгисиз адамдар тарабынан тытылып салынган. Социал-демократчылар бул боюнча Баткен райондук жетекчилерге жана ички иштер бөлүмүнө кайрылышты. Гыламидин Абдрахмановдун баамында, бул иш башка партиянын өкүлдөрү тарабынан жасалган. Мындай тыянакка ал СДПКнын жарнагынын жанына тагылган «Ак жол» партиясынын жарнагына эч ким тийбегендиги менен түшүндүрдү. (SA)

XS
SM
MD
LG