Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

Өткөн аптада Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 15-жыйынында Испаниянын баш калаасы Мадрид шаары АКШ менен Орусия ортосунда ачык тирешүүнүн сахнасына айланды. Орусия 2-декабрда өткөн парламенттик шайлоого ЕККУнун байкоочуларын жолотпой койду деп айыпталды. Анын аралыгында, ЕККУнун көп багыттуу реформалары азырынча кагаз жүзүндө гана калганы айтылууда.

АКШ менен Орусия ортосундагы туруктуу пикир-келишпестиктерден улам ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин Мадриддеги жыйыны жыйынтыктоочу документсиз аяктады. Мындай көрүнүш 2002-жылдан бери уланып келет. Бул жолку жолугушууда ЕККУга мүчө 56 өлкөнүн министрлери ондон ашуун маселени карашты. Алардын арасында Ооганстандын чек арасын бекемдөө, уюмдун төрагалыгын 2009-жылы Грецияга, 2010-жылы Казакстанга жана 2011-жылы Литвага өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Расмий Астананын 2009-жылы уюмга төрагалык кылуу мүдөөсү бар болчу. Бул маселе өткөн жылы Брюсселдеги министрлердин жылдык кеңешинде каралган, бирок Казакстандын талапкерлиги демократия жана адам укуктары түпкү баалуулугу болгон бул уюмга төрага болууга даяр эмес деген негиз менен четке кагылган. Андан бери Казакстанда бул багытта көңүлгө толорлук жылыштар байкалбаганы менен АКШ жана анын өнөктөштөрү Астанага 2010-жылы төрагалык кылуу макулдугун беришти. Мындай чечим Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бернс ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилди. Расмий Москва эгерде ЕККУга мүчө өлкөлөр Казакстанга уюмдун төрагалык тизгинин бербесе, башка талапкер өлкөлөргө вето кое тургандыгын жарыялады. ЕККУнун жыйындарына катышып жүргөн укук коргоочу Качкын Булатов бул маселе боюнча пикирин мындай деп билдирди:

ЕККУнун чоң жыйындарында айтылып эле жүргөн, Казакстанда демократия жок, адам укугун тебелеп жатат деп. Анан кийин эле төрагалык кылууну берип жатат. Мен Европалык демократиянын табиятына таң калып, түшүнбөй жатам. Себеби булар эки стандартпы, үч стандартпы, кандайдыр көп стандарттуулукту кармайт экен.

1-декабрда орусиялык “Коммерсант” гезити Мадриддеги министрлердин жыйынын “Орусия үчүн жолу болбой калган эң ири учурлардын бири” деп баалады. Гезит “Орусия Казакстанга байланыштуу маселеде АКШ жана башка батыш өлкөлөрүнө утулду. Бирок Орусия негизги кармашты уттурган жок” деп жазат.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бернс Орусия ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар кеңсесинин көз карандысыздыгын жана таасирин үзгүлтүккө учуратуу аракетин көрүп жатат деп сынга алды. Бернстун бул сөзүн Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер дагы колдоп, жыйын катышуучуларын аталган кеңсенин автномиясын сактап калууга чакырды. Жыйын соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Казакстандын тышкы иштер министри Марат Тажин расмий Астана ЕККУнун аброюна доо кетирбей тургандыгын айттты.

Өз кезегинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар кеңсесинин мандатын алсыратууга аракет жасабайт деди:

Менин оюмча ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн эч бири, анын ичинде Орусия дагы бул кеңсенин мандатын алсыратууга аракет жасаган жок. Анткени анын мандаты ансыз деле алсыз. Биз аны бекемдөөгө аракет жасап жатабыз. Биз бул багытта иш алып барабыз.

Деген Лавров АКШ жана Батыш өлкөлөрүн ЕККУну саясий курал катары колдонуп жатат деп сынга алды. Орус бийликтери Грузияда жана Украинада тынчтык жол менен бирок элдик толкундоолордун аркасында бийлик алмашканы үчүн EККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар кеңсесин күнөөлөп келет. Бул уюм аталган өлкөлөрдөгү шайлоолордун акыйкатсыздыгын сынга алган.
XS
SM
MD
LG