Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

ЖЕҢИШБЕК НАЗАРАЛИЕВ: ЭЛГЕ ҮНҮБҮЗ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ


“Асаба” партиясы бийлик тараптан шайлоону таза өткөрүүгө көп тоскоолдук болуп жаткандыктан, элди шайлоого катышуудан баш тартып, президенттик жана парламенттик жаңы шайлоо өткөрүүгө үндөө таштады. Бул жөнүндө “Асаба” партиясынын шайлоо тизмесин баштап бараткан белгилүү доктор Жеңишбек Назаралиев “Азаттыкка” өзү айтып берди.

- “Асаба” партиясы шайлоого бойкот жарыялап, чукул арада президенттик жана жаңы парламенттик шайлоо чакырууга үндөп жатат. Буга оппозициячыл партиялардын үгүт иштерин жүргүзүүдөгү кыйынчылыктары себеп болгону айтылды. Эл менен жолугуу таптакыр мүмкүн болбой калдыбы?

- Ооба. Биринчиден, 21-октябрда референдум легитимдүү болгон жок. Экинчиден, Жогорку Кеңешке шайлоого өтө кыска убакыт берип койду, болгону 3 күн. Андан тышкары, административдик ресурстар колдонулуп, бизге телевидениени, башка прессаларды бербей, таза муунтуп, аба бербей атат. Элге өзүбүздүн оюбузду, маселелерибизди, программаларыбызды эч жеткире албай атабыз. Биздин гана партия эмес, башка партиялар да өз программасын элге жеткире албай атат. Бийликтин максаты башка партияларды өткөрбөш кеерк болуп атат. Биз уттурабыз, бул 100 пайыз. Ошондуктан, кеч боло электе азыр бардык партияларды чогултуп бойкотко чакырып атабыз.

- Сиздердин партиянын бойкот жарыялоо чечимин айрым тараптар шайлоодо баары бир жеңилээрин билип, ушундай аракет кылып жатат деп түшүндүрүшү мүмкүн. Ушундай пикирлерге эмне деп айтаар элеңиз?

- Жок, антип айта албайт. Себеби биз гана эмес башка партиялар да муну өтө катуу сезип атат. Ошондуктан биз элге түшүндүргөнгө аракет кылабыз. Айтса ар кандай cөздөрдү айта беришет. Ошондуктан, биз өзүбүз катуу даярданып, бойкот кылганга аракет кылабыз.

- Баткенде социал-демократтардын үгүт көрнөктөрүн айрып салышты, “Ак жолдуку” жанында ошол боюнча турат, “Ата мекенчилердин” машинесин бүгүн Ошто ташбараңга алды деген кабарлар бизге да күн сайын түшүп атат. Сиздер облустарды кыдырып көрдүңөр, элдин маанайы кандай?

- Андан тышкары менин үй-бүлөмдү тоноп кетишти. Биздин Ысыккөлдөгү штабдагы балдарыбыздын буттарын сындырып кетти. Ошондой мамлекеттин кылган кылмыштары көп. Мен өзүм Токтогулга, Таласка барып келдим. Элдин көңүлү бийик эмес, элди көтөрүш өтө кыйын. Ошондуктан бизде мамлекеттик телевидение болсо биз өзүбүздүн оюбузду айтып, элди ойготконго аракет кылат элек. Ошондуктан бул шайлоо өтпөй калышы мүмкүн.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG