Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

ТҮРКМӨНСТАН: ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЛКӨНҮН ЭМЕС ОРУСИЯНЫН БАЙЛЫГЫБЫ?


Түркмөнстан жаратылыш газынын өлчөмү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирет. Бирок президент Бердимухаммедов жана түркмөн эли мындай жаратылыш байлыгынын так өлчөмүн билбейт. Түркмөнстанда буга чейин газ өлчөмүн аныктоо үчүн эч качан көз карандысыз экспертиза жүргүзүлгөн эмес. Айрым адистердин баамында өлкөдө болжол менен 9 триллион куб метр жаратылыш газы бар.

2006-жылдын декабрында Сапармурад Ниязовдун өлүмүнөн кийин президент болуп шайланган Бердимухаммедов бир катар реформаларды баштады. Акыркы айларда Түркмөнстандын отун кубат тармагында жаңы кадамдар жасалды. Маселен, бул тармакка жаңы дайындалган жетекчиликтин иш-аракеттеринин натыйжасында өлкөнүн бир катар аймагына энергия түйүнү өткөрүлдү. Өткөн жылы Түркмөнстан үч маанилүү газ кууру боюнча долбоорлорго кызыгуусун билдирди. Алар: түркмөн газын Орусияга жеткирүүдө маанилүү ролду ойногон Каспий алдындагы газ кууру, Азербайжан менен байланыштырып турган батыш газ кууру жана Кытай менен байланыштырган чыгыш түйүнү. Ноябрь айынын этегинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Каспий алдындагы газ куурунун курулушун тездетүүнү буйруду. Түркмөн президенти өлкөнүн байлыгы болгон жаратылыш газын дүйнөлүк базарга алып чыгуу алда канча пайда алып келет деп билдирди:

Түркмөнстан энергетикалык ресурстарды эки тараптуу келишимдин негизинде колдонууга кызыкдар. Ушундан улам, биз түркмөн газын дүйнөлүк базарга алып чыгып, башка өлкөлөр менен экономикалык, социалдык кызматташтыкты жакшыртарыбызга ишенебиз.

Бир катар адистердин баамында, 2012-жылы Каспий алдындагы газ куурунун курулушу соңуна чыгары менен Орусия түркмөн газынын экспортуна ээлик кылат. Бердимухаммедов болсо, түркмөн газы Орусияга гана эмес, Кытайга дагы жетет деп билдирди. Бирок бул маалыматты тактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон адистер түркмөн президентинин мындай билдирүүсүнө көп деле ишеним көрсөткөн жок. 2005-жылы өлкөнүн мурдагы башчысы Сапармурад Ниязов жаратылыш газынын так өлчөмүн билүү үчүн көз карандысыз экспертиза өткөрүүнү тапшырган болчу. Анын жыйынтыктары коомчулукка жарыяланган эмес.

3-декабрда өлкөнүн чыгышындагы Түркмөнбашы аттуу шаарды туристтик жайга айландыруу боюнча курулуш иштери башталды. Төрт миллиард долларга бааланган бул долбоордун инвесторлорунун бири Орусиянын энергетикалык “Итера” компаниясы. Мындан сырткары Казакстандын КазМунайГаз жана Узакбай Карабалин компаниялары дагы туризм долбооруна катышуу ниетин билдиргенин Turkmenistan.ru. интернет сайты кабарлады. Түркмөн президенти Бердимухаммедов долбоор чоң мааниге ээ деди:

Бардык тараптар үчүн бул долбоор бирдей пайда алып келет. Өз кезегинде, биз түркмөн газын белгиленген мөөнөттө жана өлчөмдө жеткирүүгө убада беребиз.

Орусиянын монополисти Газпром менен түркмөн өкмөтү ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, орус тарап түркмөн газы үчүн 50 пайызга көп төлөй турган болду. Эгерде ушул тапта Орусия түркмөн газынын миң кубметри үчүн 100 доллар төлөп келсе, кийинки жылдан баштап 150 доллар төлөйт. Ошол эле маалда Газпром Украинага саткан жаратылыш газдын наркын көтөрдү, башкача айтканда 2008-жылдан баштап Украина миң кубметр газ үчүн 179 доллар төлөйт.

XS
SM
MD
LG