Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:11

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТТУ КООРДИНАЦИЯЛОО КЕҢЕШИ ТҮЗҮЛДҮ


Кабыл Макеш,Бишкек Өлкө жетекчилиги Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчуларга материалдык жана моралдык жактан толук колдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүк түзөөрүн билдирди. Ошондой эле президенттин буйругу менен өлкөдө дене тарбия жана спортту координациялоо кеңеши түзүлүп, төрагалык милдетти мамлекет башчысы Курманбек Бакиев өзү колго алды. Айрым спорт адистери бул иш- чараны шайлоо алдындагы көп убаданын бири дешүүдө.

Өлкө президенти Курманбек Бакиев парламенттик шайлоо алдында спорт коомчулугу менен Бишкектеги «Sun-City» спорттук-оюн-зоок борборунун ачылыш аземинде жолугушуп, спорттук имараттарды курган ишкерлерди да колдоого алаарын билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, бүгүнкү күндө эл аралык мелдештерде жакшы натыйжаларга жетишкен спортчуларга колдоо көрсөтүү, атап айтканда турак-жай жана материалдык жардам бөлүп берүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Таэквондо ассоциациясынын жетекчиси Алексей Пак кыргыз спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекет башчысына спорттук бийик даража-кара кур тапшырды, ошондой эле Курманбек Бакиев аталган ассоциациянын ардактуу президенти болуп калды.

Мамлекет башчысынын буйругу менен өлкөдө дене тарбия жана спортту координациялоо кенеши түзүлүп, алгачкы отурумунда бул тармактын көйгөйлөрү тууралуу талкуу болду. Эгемендик жылдарында менчикке өтүп кеткен спорттук имараттары, базаларды кайтарып алуу, эл аралык деңгээлдеги спорттук жайларды салуу маселелери каралды. Дене тарбия жана спорт тармагы мамлекет тарабынан аз көңүл бурулуп, жаштардын спортко болгон кызыгуусу солгундап баратканын президент Курманбек Бакиев өзү да моюнга алып, мындан ары көңүл борборунда болоорун билдирди.

-Айына үч жүз сом төлөп ден соолукту чыңдоо өтө пайдалуу. Ооруп калганда дары- дармекке эле миңдеген сом чыгымдалып кетет. Ошондуктан дене тарбиясына, сергелең жашоо ыңгайына өзгөчө көңүл буруубуз керек. Ал эми спорттук имараттарды курган жана куруп жатышкан ишкерлерге ыраазычылык гана билирип, аларды да колдоого алуубуз зарыл.

Координациялык кеңеште өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директору, олимпиаданын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев президенттин буйругу менен өмүрүнүн аягына чейин ай сайын 20 миң сом өлчөмүндө стипендия алмак болду. Ошондой эле мындан ары олимпиадалык оюндарда мөрөй алган бардык спортчуларга ушул өлчөмдө стипендия чектелди.

Дене тарбия адиси Алмазбек Эркебайдын пикиринде мурда көнүл бурулбай келген спорт тармагында координациялык кеңештин түзүлүшү шайлоо алдындагы президенттин көп убадалардын бири.

-Он беш жылдан бери баркталбаган олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди бийлик бүгүн эстештиби? Өлкөбүздө бир олимпиадалык оюндардын чемпиону болсо аны да татыктуу барктап албадык.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Каныбек Осмоналиевдин пикиринде учурда Пекин олимпиадасына 7 спортчу жолдомо алган.

- Мурда мыйзамсыз менчиктеширилип кеткен спорттук имараттарды, жайларды кайтарып алуу маселелери кабыргасынан коюлду. Элдин ден соолугунун кепили болгон мындай спорттук жайлар мамлекеттин менчиги болушу керек.

Координациялык кеңеш үч айда бир жолу жолугуп, спорт тармагындагы көйгөйлөрдүн чечилишин көзөмөлгө алмакчы. Келээрки жылы Пекинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга даярдык көрүү үчүн бардык шарт түзүү менен уюштуруу иштерин дагы аркалайт. Президентин буйругу менен бир айлык мөөнөттө өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу спорт тармагына тапшырылды.
XS
SM
MD
LG