Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:36

“ЗАМАНДАШ” ПАРТИЯСЫ ШАЙЛООНУ БАШКА МӨӨНӨТТӨ ӨТКӨРҮҮГӨ ЧАКЫРУУДА


“Замандаш” партиясы парламенттик шайлоону токтотуп, башка мөөнөттө өткөрүү жөнүндө Президентке кайрылуу менен чыкты. БШКнын партияларга кылган мыйзамсыз жана адилетсиз мамилеси ушундай кадамга барууга аргасыз кылганын “Замандаштын” лидери Мухтар Өмүракунов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

-Шайлоону токтотуу сунушу менен президентке кайрылууңуздардын себеби эмнеде?

-Мунун себеби, биринчиден, БШКнын биздин жана башка партияларга болуп жаткан туура эмес чечимдери болуп жатат.

-Эгерде мамлекет башчы шайлоону токтотпосо, анда сиздердин кийинки кадамыңыздар кандай болот?

- Эгер токтобосо ошол учурга ылайык чечим кабыл алабыз.

- Жакында эле Орусиядагы бир катар кыргыз диаспораларынын “Замандаш” партиясына ишеним көрсөтпөгөн каты келип түшкөн эле. Ошол катка кандай жооп кайтардыңыздар. Дегеле сырттагы кыргыздардан канчалык колдоо табат элеңиздер?

- Азыр Орусия жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин, ал жактагы кыргыздардын 70-80 пайызы бизди колдоору элге белгилүү. Ал эми кат боюнча айтып кетсек, ал жактагы бир нече шаардын диаспораларынын жетекчилеринин атынан жазылган экен. Эртеси күнү ошол эле жетекчилердин атынан биз эч кандай кат жөнөткөн эмеспиз деген жооп келген. Бул ортодон белгисиз адамдар жөнөткөн кат.

- Шайлоодон кийин “Замандаш” партиясы көп партиялардын катарында эле кала береби, же сиздердин мындан кийинки ишмердүүлүгүңөр кандай нукта болот?

- Бул шайлоо биздин партия үчүн саясий аренадагы биринчи гана кадам. Албетте, мындан ары да кала берет, мындан ары активдүү партияны бекемдеп, андан ары куруу, партиялык ишти өркүндөтүүнүн үстүндө иштемекчибиз.

- Айрым саясий партиялар БШКнын ишине нааразы болуп атышат. Сиздердин партия БШКнын ишине кандай баа берет?

- Биз президентке кайрылуубузда да билдиргенбиз, БШК өтө туура эмес чечимдерди кабыл алып жатат деп. Тилекке каршы, ушунун артынан партиянын жетекчилигинин арасында гана эле эмес, элдин ичинде абдан нааразылык күчөп жатат. Мисалы, биздин партияны регистрация кылбай койгонуна эч кандай негиз болгон эмес. Эл митингге, пикетке чыгалы дегенге чейин катуу нааразылыктар болгон. Аны ырбатпайлы деп, өзүбүздүн партиялаштарга түшүндүрүп, башка акцияларды кылалы деп токтотуп калдык.

-Маегиңизге ырахмат.


Маектешкен Мээрим Султангазы

XS
SM
MD
LG