Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Социал -демократтар саясий партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун айланасындагы чуу аны апта каарманына айландырды. Байсаловго баш прокуратура мамлекетке олуттуу зыян келтирди, БШКнын ишине тоскоолдук кылды деген айып тагууда. Анын артынан ушул эле иш боюнча БШК эми партиядан 20 миллион сомдон ашык чыгым доолай баштады. Эдил Байсаловдун өзү кечээ үйбүлөсү менен Казакстанга өтүп кеткенин "Азаттыкка" Чек ара кызматынан тастыкташты.

Эдил Байсалов Социал демократтар партиясында эле эмес, Кыргызстандын чоң саясатында жаш саясатчылардын алдыңкы сабында турат. Парламенттик чукул шайлоо алдында ага партия төрага орун басарынын деңгээлиндеги жооптуу катчылык милдетти жүктөгөн. Бул ага чоң ишеним бар экендигин кабарлагандай болгон. Бирок, бир топ талдоочулар Байсаловдун шайлоого даярдалган бюллетендин түп нускасын мөөнөтүнөн мурда интернет-сайт аркылуу коомчулукка жарыялап жибериши анын кабыргасы ката электигинин далили катары чечмелешүүдө. Укук коргоо жаатындагы мурдагы өнөктөштөрүнүн бири Азиза Абдырасулова болсо анын табияты саясатчылыкка караганда укук коргоочулукка жакын экенин белгиледи:

- Эдил жарандык коомдон өсүп чыккан. Бул - саясатка киргени менен, жүрөгү менен бул саясатчы эмес, укук коргоочу. Эдилден башка эптеп эле мандатка жеткен саясатчылардан болсо бюллетендин коргоочу белгилери жок жөнөкөй кагазга чыгып атканына көзүн жумуп коет болчу. А Эдил Байсалов болсо анте алган жок.

Эдил Байсалов орус, кыргыз, англис, түрк тилдеринде бирдей эркин сүйлөгөн, чет өлкөлөрдө окуган билимдүү жаштардын бири. Ал сегиз жыл «Демократия жана жарандык коом үчүн!» коалициясын жетектеп, бир катар шайлоо өнөктүктөрүнө байкоо жүргүзгөн. Жарандык лидер кезинде ал адам укуктары жана эркиндиктеринин, демократиянын ураанын чакырып, мурдагы жана кийинки бийликтерге тартынбай сын айткан курчтугу менен таанылган. Акаевдин бийлиги тушунда бир катар административдик жазаларга тартылып, Батыштын «ырын ырдап атат» деген бийликтин сынына кабылган. Март окуясында ыңкылапчылардын алдыңкы сабында болгон.

Байсаловдун саясий ишмердүүлүгү дээрлик Курманбек Бакиевдин бийлигине сынчыл күчтөр түзгөн «Реформа үчүн!» кыймылына мүчө болуп, 2006-жылкы жазгы, күзгү митингдерди уюштуруучулардын катарында болуудан башталды. Митингдердин аралыгына белгисиз адамдардын таягынан катуу жабыркап, ооруканага да жатып калган жайы бар. Жаш саясатчы «Реформа үчүн!» кыймылынан бийликке кеткен Алмаз Атамбаевге удаа бөлүнүп чыгып, СДП аркылуу чоң саясатка биротоло баш койгон. Шайлоо жарыяланардын алдында саясий кеңеш Байсаловду саясий кеңешке мүчө кылган. Шайлоо башталганда ал партиянын жооптуу катчысы, БШКдагы өкүлү болуп дайындалган. Шайлоо тизмесине белгилүү саясий ишмер Роза Отунбаевадан кийин туруп, 13-орунга коюлган. Бюллетень чатагы Байсаловду бир заматта талапкердиктен да, байкоочулуктан да ажыратып, мойнуна 11 миллион сомдон ашык айып салып койду. БШКнын позициясын катуу карманып турган таасирдүү мүчөлөрдүн бири Жылдыз Жолдошева Байсаловду атын чыгарууга жан далбастаган жеке басар саясатчы катары баалады:

- Өзүн ушунчалык акылдуумун, билимдүүмүн деп, бүт президенттерге, коомчулукка акыл үйрөткөн жигит кантип ушу бюллетендерди алдын ала момундай кылып сайтка чыгарып ийдим, билбей калдым дегени мени таң калдырып атат да, биринчиден. Экинчиден, мыйзамга, акылга сыйбаган нерселерди жасап койду. Мамлекет 20 миллион чыгым болду. Моралдык чыгым болду. Үчүнчүдөн, эмне үчүн ушундай мамлекеттик чоң саясий өнөктүккө ушундай чоң материалдык чыгым алып келип коюп анан өзүнүн имиджи жөнүндө ойлойт. Эгоист болуунун да чеги болот. Мен айтат элем, инсан деген сөз бар, «публичный человек» деген термин бар орустарда. Инсан деген бул мамлекетти, элди, ар бир кишинин тагдырын ойлойт. Байсаловду мен болгону жеке кызыкчылыгын ойлогон, көз карашын коомго таңуулаган адам экен деп ойлоп калдым.

Бирок Байсаловго жан тарткандар чатактын чыгышынын артында БШКнын ишмердүүлүгүнө байланышкан көп маселе бар деп жатышат. Мындай оюн «Адилет» укук клиникасынын төрайымы Чолпон Жакупова билдирди:

- Жаш адам түшүнбөй туруп бир нерсе жасап алган учурда да ал кылмыш эмес. Анын аракеттерин мыйзам тартип бузуу катары санабайт. Ага эми бүтүн бир мамлекетке диверсия жасагандай айып тагып атышат. Экинчи жагынан 20 миллион сомдон ашык айып салгыдай, бирөө жасап чыгарып ийгидей ал эмне деген бюллетен? Ал керектен чыккан, сапаты эң жаман бюллетень болуп атпайбы. Тыштан кандайдыр бир заказ албаган, чыныгы көз карандысыз кайсы юрист болбосун муну эки жерде эки төрт дегендей эле жая салып берет.

Эдил Байсалов өзү болсо БШКнын отурумунан кийин «Азаттыкка» берген интервьюсунда буларды билдирген:

- Бюллетендер мурунтан эле мыйзамсыз болчу. Кайра чыгышы керек эле. Эми булар өздөрүнүн катасын СДПКнын мойнуна, менин мойнума илгендиги, бул албетте, мыйзамга да, логикага да жатпайт.

Байсаловдун мындай пикирин бөлүшкөн «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын мурдагы лидери, укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын көз карашында азыркы БШК өзгөчө коррупциялашып, бийликке ашкере көз каранды болуп алды:

- Ошол 99-жылдан бери айтып келатып, жазып келатып, БШК болгону Акүйдөн башка жакка көчүп кетип, сырткы гана эгемендүүлүктү алгандай болду. Бирок, түпкүлүгүндө, табиятында саясий оюндарды ойногон эле шайлоо комиссиясы болуп турат.

Анткен менен Байсаловдун айланасындагы чатакка саясий партиялар анчалык маани бербегендей түр көрсөтүп турушат. Шайлоого бараткан партиялардан «Туран» менен «Эл добушу» («Глас народа») партиялары БШКнын чечимин колдоорун билдиришти. «Эл добушу» партиясынын лидерлеринин бири Айбек Чекошев чыккан чатак жана анын кесепеттерин Байсалов эмес, ал мүчө болгон СДП жоюшу керек деген ойдо:

- Чыгым болдубу, төлө да иштей бер. Менимче 20 миллион сом парламентте көп орун алууну каалаган кадырэсе партия үчүн анча деле кыйынчылык туудурбайт.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулова мындай билдирүүлөрдүн артында жеке кызыкчылыктан арткан эч нерсе жок дейт:

- «Глас народа» менен «Туран» азыр эптеп бийликке жагып эле парламентке келүү ою бар, жок дегенде 5% тоскоолдуктан өтүп кетер бекенбиз деп үмүт кылып отурушат. Ошондуктан, аларга эптеп бийликке жагынуунун жолу чыгып, арыгы чабылып калды. Болбосо Эдилдин башына түшкөн иш эртең «Туранга» же «Глас народага» түшүп калышы деле эч кеп эмес бүгүнкү күндө.

Ошентип, Эдил Байсаловдун чатагы жеке эле өзүнө эмес, ал мүчө болгон партияга да шайлоо алдында кыйын жагдайды түздү. Башкы прокуратура Байсаловго БШКнын кайрылуусунун негизинде 6-декабрда кылмыш козгоп, ишти Бишкек шаардык прокуратурага өткөрүп берди. БШК болсо СДПдан бюллетенге кеткен чыгымдар үчүн 20 миллион сомдон ашык каражат өндүрүп бер деп сотко кайрылганы турат. Анын артынан БШК СДПны шайлоодон четтетүү маселесин да күн тартибине кабыргасынан коюшу ыктымал. Бул маселе БШКнын жакынкы отурумдарынын биринде көтөрүлөөрүн Жылдыз Жолдошева тастыктады.

Ушундай ыңгайсыз жагдайга кирептер болгон СДПнын Алмаз Атамбаев баштаган лидерлери акыркы окуяларга байланыштуу коомчулукка чыгыша элек. Партия Байсаловду коргоп алары тууралуу 6-декабрда билдирүү таратуу менен чектелип турат. Байсаловду партиянын тизмесинен чыгаруу тууралуу БШКнын чечимин сотко берүү демилгеси да алигиче ишке аша элек. Бейрасмий булактарга караганда, бул өңүттө партиянын саясий кеңеши бир пикирге келе элек. Байкоочулар Байсаловдун чатагы СДП үчүн чоң саясий күрөш маалында материалдык жана моралдык жактан өтө кымбатка турарын болжошууда.
XS
SM
MD
LG