Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Д. САДЫРБАЕВ: БАКИЕВ БАШ БОЛУП БААРЫ «АК ЖОЛ» ПАРТИЯСЫНА ИШТЕП ЖАТЫШАТ


Оппозициядагы партиялар бийликчил “Ак Жол” партиясы үчүн президент К. Бакиев баш болуп мамлекеттик бийлик органдарды жапырт иштеп жатышат деп нааразы болуп жатышат. Бул туурасында “Асаба” партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан экс-депутат Дооронбек Садырбаев дагы “Азаттыкка” берген интервьюсунда баса белгилеп айтып өттү.

- Парламенттик шайлоого аз гана убакыт калды. Бирок айрым шайлоого атсалышып жаткан партиялар бийликти бир гана партиянын кызыкчылыгына иштеп жатат деп күнөөлөп атышат. Сиздерде акыбал кандай?

- Бизде деле акыбал ошондой эле. Себеби мен Акаевдин режими маалында дагы бир эмес үч жолу шайлоого катышкан адаммын. Азыр дагы катышып атам. Акаевдин маалындагы шайлоо өнөктүгүндөгү арамзалык, зордук-зомбулук, уурулук, колу туткактык, ыйманды саткандык азыр 5 эсеге көбөйүп турган кези. Мени барынан кейиткени кайсы регионго барбайын, жакынкы 50 жылда Акаевдей уул төрөлүшү кыргызда мүмкүн эмес деп кыйкырып жүргөн чал-кемпирлер, азыр жакынкы 50 жылда Бакиевдей азамат уул төрөлүшү мүмкүн эмес, ошон үчүн биз Бакиевдин гана партиясын колдойбуз деген ураандар менен жүргөндөрдү мен өз көзүм менен жолуктурдум. Ошол кишилер Акаевдин заманында деле Акаевдин партиясын колдогон эле. Бардыгынан өкүнүчтүү нерсе кыргыз телевидениесинде күнүгө жаңылыкты Бакиевдин “Ак жол” партиясынын тизмесине кирген адамдар менен учурашуусунан, же Адахан Мадумаровдун “Ак жол” партиясынын жолугушууларын өткөрүп жаткандыгын акысыз, бекер жаңылыктар блогунда көрсөтүп пропагандалап атат дагы, башка партияларга эч кандай орун жок. Эң негизгиси "телекиллерлер" деп коем, мен сөз сыйлаган адам катары мен үчүн адам өлтүргөндөн дагы ойду, сөздү өлтүргөн адам коркунучтураак болуп эсептелет. Бул жагынан алганда азыркы Мелис Эшимкановдун кара жащиги, Карыпкуловдун кара жащигинен эч нерсеси менен айырмаланбай калды.

- Дал ушул шайлоо алдындагы теңсиздикке нааразы болуп, сиз талапкер болуп катталган “Асаба” партиясы шайлоого бойкот жарыялады эле. Бул кандайча чечилди?

- Элге туура түшүндүрүп коюшубуз керек. Биздин партиянын тизмесинде номур биринчи турган жигит Жеңишбек Назаралиев санаалаш, пикирлеш, үзөңгүлөш партияларга азыркы бийликтин мындай арам оюндарына катышпайлы деген сунуш менен кайрылганы чын. Аны абдан туура деп эсептейбиз. Номур биринчи лидерибизде эмес, катардагы отузунчу, кыркынчы, жүзүнчү тизмеге кирген мүчөбүз ушундай сунуш менен чыкса да колдойбуз. Бирок акыркы чечим партиянын ордо кеңешинде болот. Партиянын ордо кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаров биз чыгып кеттик деген чечимди кабыл алып, өзү кол коюп, БШКга бергенден киийн гана “Асаба” партиясы чыгып кетти деген сөздү айтууга болот.

- Шайлоодо акыйкатчылык болбосо өлкөдө кырдаал курчуйт деген божомолдор айтылып жатат. Сиздин жеке оюңуз кандай?

- Менин жеке оюм, шайлоодо акыйкатчылык болгон жок, азыр эле арамза оюндар көрүлүп атат. Бакиев өзү баш болуп “Ак жол” партиясынын пайдасына күндөп-түндөп иштеп атат. Менин оюмча ушул шайлоолор 16-17-декабрда жарылып кетпесе дагы, быйылкы жылы, эң арты эмдиги жылы мамлекетте кандайдыр бир саясий жарылууларды пайда кыла турган бомбаны коомчулуктун катмарына бийлик өзү Бакиев баш болуп катып атышат.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG