Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:50

ҮГҮТ ЖАРАЯНЫН КИМ БУЗУП ЖАТАТ?


Шайлоо жакындаган сайын жарышка аттанган партияларда тынчсыздануулар көбөйүп, бир даары үгүт иштерине бут тосуулар болуп жатканын айтып жатышат. Маселен, Социал-демократтар жер-жерлерде алардын үгүт жарнактарын тытып, өрттөп кетип жатканын айтышса, “Ата мекен” партиясы БШКга “Ак жол” партиясы Шайлоо Кодексин бузуп жаткандыгы тууралуу кат жолдоду.

Парламенттик жарышка аттанган айрым партиялар шайлоо жараяны учурунда бут тосуулар, административдик ресурсту ченемсиз байдалануу фактылары болуп жатканын айтып жатышат. Мындай фактылар жер-жерлерде кеңири учурап жатканын “Асаба”, “Ата мекен” жана Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү айтып чыгышты. “Ата мекен” партиясы болсо бүгүн БШКга кат жолдоп, “Ак жол” партиясынын көптөгөн мыйзам бузуулары көз жаздымда калып жатканын айтып, БШКга жөнөтүлгөн көптөгөн кайрылуулары эмне себептен жоопсуз калып жатканын сурашты. Ал эми Социал-демократтар жер-жерлерде алардын үгүт иштерине катуу тоскоолдуктар болуп жатканын, партиянын үгүт жарнактарын сыйрып, өрттөп кетип жаткандыгы тууралуу билдирүү жасап, БШК менен Башкы прокуратураны чара көрүүгө чакырды. Ош облусунда үгүт иштери менен жүргөн “Ата мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнкул Чотонов, буларга токтолду:

- Бут тосуулар шайлоо жарыялангандан бери эле болуп атат. “Ак жолго” бийликтин бардык тармактары иштеп атат. Милициядан, ЖОЖдордун мугалимдерине чейин ачыктан-ачык ар кандай жолдорду колдонуп атышат. Ар кандай криминалдык жолдор менен биздин үгүтчүлөрдү коркутушуп, кээ бир жерлерде кармап алып сабашып, кээ бир жерде биздин штабдарды талкалап, кээ бир жерде жарнактарыбызды өрттөп, түнү менен көчөдө бийик илинип турган көрнөк такталарыбызды кран менен келип чыгарып кетип атышат. Биз бул боюнча актыларды түзүп, органдарга кайрылып атабыз.

“Ак жол” партиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Ааламбек Жумабаевдин айтымында, партия жетекчилиги атаандаштарынын ар кандай билдирүүлөрүнө көңүл бурбайт. Анткени, “Ак жол” өз ишин так жана мыйзам чегинде аткарып жатат. “Аларды эл колдобой жаткандыктан эмне кылаарын билбей жатышат”,- дейт ал:

- Биз алар менен айтышпайбыз, айткандарына реакция кылбайбыз. Жөн эле алар агрессивдүү болуп атышат.

БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева, партиялар ММКлар аркылуу көптөгөн нерселерди айтып жатышканын, бирок БШК мүчөсү катары алардын акыркы күндөрү БШКга жолдонгон каттарын көрө электигин, анткени алар төрайымга келип түшөрүн, каттар келгенде төрайым аларды БШК жыйынына алып чыгуусу керектигин билдирди:

- Биз көп документтерди көрбөйбүз. Аларды карап чыгып төрайым жыйынга алып чыгышы керек. Мен көрбөгөн документтер үчүн кантип жооп берем.

Ал эми БШКнын төрайымы Клара Кабиловага кайрылганыбызда, эгер чындап мыйзам бузуулар болсо партиялар БШКга кат жолдошу керектигин, андан соң ага юридикалык баа берилерин, ушул тапта СДПдан да, “Ата мекенден” да кат келе электигин айтты:

- Бул боюнча жооп бере албайм. Ага юридикалык баа бериш керек. СДПдан, “Ата мекенден” кат келсин, анан жооп беребиз.

XS
SM
MD
LG