Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

ТӨЛӨМҮШ ЖАКЫП УУЛУ «АЗАТТЫКТЫН» БАШАТЫНДА ТУРГАН


Мындан он беш жыл мурда 10-декабрда “Азаттык” үналгысынын негиздөөчүлөрүнүн бири - Төлөмүш Жакып уулу дүйнөдөн кайткан. Төлөмүш Жакып уулу ”Азаттык” үналгысынын алгачкы жетекчилеринин бири.

“Азаттык” үналгысынын алгачкы журналистеринин жана жетекчилеринин бири Төлөмүш Жакып уулу Нарын районуна караштуу Байгазак айылында туулган. Былтыр Төлөмүш Жакып уулунун 80-жылдыгына карата Нарын шаарындагы музейде жеке бурчу ачылган.

Төлөмүш Жакып уулун көрүп уккандар мындайча эскеришет. Нарын райондук депутаттар кеңешинин төрагасы Болот Белековдун айтымында, совет убагында туугандары Төлөмүш Жакып уулу менен жашырынып жолугушкан экен:

-Төлөмүш Жакып уулу мекенин сүйгөн, эл-жерин сүйгөн адам экендигин менин кудам Бейшенаалы Бекжанов чет элде жүргөндө барып, жашыруун, оор кырдаалда жолугушуп келгенин айткан. Ошондо мекенимди сагындым, элимди сагындым деп көзүнө жаш алып, элинин топурагынан ала барган экен, ошону жыттап, өпкүлөп, ушунчалык патриотуулугун көрсөттү деп айткан сөзү менин эсимде турат. Бул адамды тарыхый адам деп эсептесек болот,- дейт Болот Белеков.

Нарын райондук элге билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Кенжебай Кыдыровдун атасы Кемел Кыдыров Төлөмүш Жакып уулу менен согушка барганын айтып, кийин атасы “Азаттык” үналгысын жашырынып угуп жүргөнүн эскерет. Ал Төлөмүш Жакып уулу өз мекенине 1992-жылдын май айында келгенде жолукканын мындайча эскерди:

-Атамдын сүрөтүн көтөрүп “ошол кишиге тааныйсызбы”- десем, “ооба мен тааныйм, сен кимиси болосуң”- деп сураган. “Мен уулу болом”- десем, экөөбүз сүрөткө түшкөнбүз. Чүй өрөөнүнө барып калдык. Рахманкул хан менен үйдө түшкөн сүрөтү бар экен. Анан ага суроо узаткам. “Рахманкул хан менен сиз сүрөткө түшкөн экенсиз. Кандай байланышыңыз бар эле”- десем. Төлөмүш агай жылына эки жолу барып жолугуп турчу экен,- деп эскерет Кенжебай Кыдыров.

Нарын районуна караштуу Аккыя айылынын мектеп деректири Кубат Талипов 1992-жылы Төлөмүш Жакып уулу айылына келгенде тосуп алышканын айтып, кыргыз элин, туулган жерин сагынганын, топуракты жыттап, көзүнө жаш алганын мындайча эскерет:

-Мен ал киши менен мектепте жолугушууларды уюштуруп, оозмо-ооз сүйлөшкөм. Ал кишини айткан сөзү бар. “Жер ушунчалык көп экен бирок жалкоо экенсиңер” деген. Мен ушул сөздү азыркы күнгө чейин эстейм. “Волга” машинасынан түшөөрү менен мен ойлодум, кан басымы көтөрүлүп кетти го деп. Келип көтөрсөм ал кишинин көзүнөн жаш агып жатыптыр. Анан мен топуракты сагындым деп айткан. Адамга өйдө карап сүйлөбөгөндүгү, жооштугу мага абдан жаккан,- дейт Кубат Талипов.

Кубат Талипов жаш муундарга анын атын калтыруу үчүн айылдагы мектепке атын берип, музей ачууну көздөп жатышкандыктарын билдирген эле. Бирок учурда бул маселе чечилбей ара жолдо турат.
Кыргыз эл артиси маркум Асек Жумабаев 1967-жылы Канададан “Азаттык” үналгысынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азамат Алтайга жолугат. Андан 1943-жылы Улуу Ата мекендик согушта өлдү делген айылдашы Төлөмүш Жакып уулу тирүү экенин “Азаттыкта” бирге иштешерин, салам айтканын айтат.

Асек Жумабаев Канададан келери менен СССРдин коопсуздук комитети күтүүсүз жерден Москвага чакырат. Барары менен ага Асанакун Асанбаев деген паспорт берилип, коопсуздук комитетинин эки кызматкеринин коштоосунда Төлөмүш Жакып уулуна жолугууга Мюнхенге барган. Учурунда кеңеш бийлигинин кийлигишүүсү мененТөлөмүш Жакып уулун эл душманы деп айтыптаган жердеши Асек Жумабаев кийин Кыргызстан эгемендүүлүк алганда Төлөмүш Жакып уулу менен 1992- жылы жолугуп, бирин- бири кечиришип, чер жазыша сүйлөшүп, үч күн үйүндө коноктогонун эскерип калчу.

Төлөмүш Жакып уулу спортко кызыгып, ал түгүл Мюнхен шаарынын волейбол спорт клубунда ойногонун аны жакындан билгендер айтып, спортчу катары эскерип да жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG