Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

ГЕРМАНИЯДА АБАКТАН ЧЫККАН ТЕРРОРЧУНУ ТЕГЕРАН КУЧАК ЖАЙЫП ТОСУП АЛДЫ


Берлиндин борборунда белгилүү “Миконос” аттуу ресторанында мындан 15 жыл мурун мемориалдык тактай орнотулган. Тактайда “1992-жылы бул жерде ирандык күрддөрдүн үч лидери Иран жетекчилиги тарабынан өлтүрүлгөн. Алар адам укугу жана боштондук үчүн күрөштө мерт кетти”,-деген жазуу бар. Тактайдын орнотулушуна Иран президенти Махмуд Ахмадинежад каршы болуп келет.

Иран өкмөтүнө оппозициядагы жана сүргүндө жүргөн Күрдүстан Демократиялык партиясынын үч лидеринин көзүн тазалоо боюнча 1992-жылы уюштурулган “Миконос” операциясынын кесепетинен Европа менен Иран ортосунда дипломатиялык кризис пайда болгон. 10-декабрда Германия кылмышка тиешеси бар деген эки террорчуну абактан чыгарганы маалым болгондон кийин, 15 жыл мурда болгон окуя кайрадан дүйнөлүк басылмаларда башкы темага айланды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин чиновниктери мекенине кайтып келген айыпкердин бири Казем Дарабини шаан-шөкөт менен тосуп алды. Аны тосуп алуу үчүн аба майданына баргандардын бири министрликтин Европа бөлүмүнүн жетекчиси Али Багэри эле. Айрым сынчылардын пикиринде, Багэринин ошол кылмышка түздөн-түз тиешеси бар. Багэри болсо, бул айыптоолорду четке кагып келет.

Бирок “Миконос” ресторанында болгон жардыруудан набыт болгондордун үйбүлөсүнүн жактоочусу Шохрех Бадеи “Фарда” үналгысына берген маегинде Дараби жана ливандык Абба Райелди абактан бошоткону үчүн немис өкмөтүн сынга алды. Анын аралыгында, Германиянын басма сөз каражаттары террорчулар Израиль жана “Хезболлах” уюмунун ортосундагы алдын ала макулдашылган келишимдин негизинде бошотулганын жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Абба Райел “Хезболлах” уюмунун мүчөсү экен. Адвокат Бадеинин айтымында, кылмышкерлердин абактан бошотулушунда саясий мандем бар:

Бул окуяда саясий упай топтоо жана экомикалык пайда табуу аракети көрүнүп турат. Эки террорчу Иран режимине жана ал жүргүзгөн саясатка жакын болчу. Андыктан он жылга эрте абактан чыгарылды. Бул окуя бардык ирандыктардын кыжырына тийди.

1992-жылы сентябрда болгон жардырууда ресторанда набыт болгон төрт адамдын жанында Мехди Эбрахимзаде дагы отурган. Ал ошол күндү мындайча эскерет:

Мен узун бойлуу, бети чүмбөттөлгөн адамды көрдүм. Жаңылышпасам, бою 180-185 см болсо керек эле. Ал биздин көңүлүбүздү өзүнө бурдуруш үчүн акаарат сөздөрдү айта баштады. Бир аздан кийин мен капка оролгон куралды байкадым.

Эбрахимзаде немис өкмөтүнүн эки террорчуну бошотуу тууралуу чечимин жактырбады:

Чындыгында эле немис өкмөтүнүн террорчулукту уюштурган Казем Дарабини камактан чыгаруу тууралуу чечими өкүндүрөт. Мен кек сактагым келбейт. Бирок акыйкаттык жеңиш керек жана ал демократиялык жол менен ишке ашуусу зарыл.

1997-жылы, үч жарым жылга созулган соттук териштирүүдөн кийин Германиянын соту Иран өкмөтүн “Миконос” ресторанындагы кандуу окуяга тиешеси бар деп тапкан. Башкы прокурор Кей Нехм Ирандын Коопсуздук кызматынын ошол убактагы жетекчиси Али Фаллахианды камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, Ирандын руханий көсөмү Али Хаменейи жана өлкөнүн ошол кездеги президенти Али Акбар Хашеми Рафсанжани террорчулук тууралуу кабардар болгон деп тапкан. Ошондон кийин расмий Тегеран Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөгү элчилерин чакыртып алууга мажбур болгон.

Мындан сырткары, Иран бийлик өкүлдөрүнүн 1994-жылы 85 адамдын өмүрүн алып кеткен Буэнос-Айрестеги жөөттөр борборундагы жардырууга жана Швейцарияда ирандык профессор Казем Ражавинин өлүмүнө тиешеси бар болгону айтылып келет.
XS
SM
MD
LG