Дин боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысынын милдетин аткаруучу Тойгонбек Калматовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ал Алабука районунун 70 жаштагы тургуну Исмаилжан Мусаев . Буга чейин Карасуу районунун 76 жаштагы тургуну Тажикан Арипова Меке шаарында, Ноокат районунун 60 жаштагы тургуну Хамит Абдугапаров Медина шаарында мерт болгону кабарланган. Алардын өлүмүнө климаттын өзгөчөлүгү таасир этиши мүмкүн деп болжолдонууда. Сауд Аравиясынын шарты боюнча туугандарынын макулдугуна ылайык маркумдардын сөөгү алар набыт болгон жерге берилет. Кыргызстандык үч жаран көз жумган маалда алардын туугандары жанында болушкан. (BuS)