Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:34

ЛИССАБОНДО ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН БАЗАЛЫК КЕЛИШИМИНЕ КОЛ КОЮЛДУ


13-декабрда Португалиянын борбору Лиссабондо Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин жетекчилери уюмдун базалык келишимине кол коюшту. Евробиримдиктин жетектөөчү органдарын реформалоочу жаңы келишим биримдиктин орток конституциясын алмаштырат. Башмыйзамдын долбоорун француздар менен нидерланддар 2005- жылкы референдумда жактырбай четке кагышкан.

Лиссабондогу салтанатта Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн лидерлери кол койгон “Реформалоо келишиминин” негизинде жалпы европалык мекемелер реформаланыш керек. Акыркы жылдары биримдикке 12 өлкө кошулгандан кийин уюмдун жетектөөчү органдары мурдакыдай илбериңки иштей албай калган.

Жаңы келишимди Еврокомиссиянын төрагасы Жосе Мануэль Барозу жарым кылымга созулган кансыз согуш жылдарынан кийин бириккен Европанын чоң жетишкендиги деп атады:

-Бул кеңейген Европанын келишими. Ал өзүнө Жер ортолук деңизинен тартып Балтикага, Атлантика океанынан тартып Кара деңизге чейинки мейкиндикти камтыйт. Бул Европанын баалуулуктары жалпы жана дымагы окшош. Бир кезде арасын тоталитардык көшөгө бөлгөн өлкөлөр тарыхта биринчи жолу өздөрү иштеп чыккан жалпы келишимди колдоо үчүн биригишти.

Сыясы кургабай жатып, “Лиссабон келишими” аталып калган документке ылайык, Евробиримдиктин өз төрагасы болуп, ал эки жарым жылга шайланат. Мурда төрагалык ар жарым жылда кезек менен алмашып турчу. Эми биримдикте тышкы саясат боюнча министр да болот. Кээ бир серепчилер төрага жана тышкы иштер министрдин орду үчүн уюм мүчөлөрү арасында талаш курч болот деп боолгошот.

Лиссабон келишими уюм мүчөлөрүнүн вето укугун колдонууга чек койот. Бирок, айрым бир өлкөлөр полициянын ишмердүүлүгү жана укуктук жаатта кызматташуу боюнча биримдик бекиткен чечимдерди кабыл албаганга акылуу.

“Реформалоо келиши”- жалпы европалык конституциянын жөнөйкөлөштүрүлгөн варианты. Анда башта айтылып жаткан биримдиктин туусу жана гимни жөнүндө эч кандай сөз жок.

Евробиримдиктин чечим кабыл алуусун жеңилдетчү келишимге кол коюлган соң уюмдун ырасмий эмес гимни эсептелген Бетховендин “Кубанычка ода” хоралы аткарылганда лидерлер ордуларынан жапырт туруп турушту.

Бул салтанатка Британиянын премьер- министри Гордон Браун катышкан жок. Бирдиктүү Европа идеясына сын көз менен караган букараларынын каарына калбас үчүн Браун мырза Лиссабонго салтанат бүткөндөн кийин келип, келишимге ырасмий эмес жагдайда кол койду.

Лиссабон келишими 2009- жылы күчүнө киргенге чейин биримдикке мүчө 27 өлкөнүн парламентинде бекитилиши шарт.

XS
SM
MD
LG