Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Россия кайда баратат? Анын жакынкы аралыктагы саясий орой-ырайы кандай болушу мүмкүн? Бул суроолорго жооп издеген байкоочулар менен аналитиктердин көбү алыскы келечекке көзү ачыктык кылганга батынышпаса да жакынкы он жылдыкта өлкө кайсы багытта өнүгөрүн, бери эле дегенде Путиндин азыркы Россиясы 2020-жылы кандай абалда болорун алдын ала болжолдоп көргөнгө аракет кылышууда. Бу маселеге байланышкан көптөгөн прогноздор менен көз караштар бар, алардын баарын айтып отурбастан, “орус доктринасы” деп аталган концепцияга гана учкай токтоло кетели.

Улуттук-патриотчул маанайдагы илимпоздор, диний ойчулдар тобу “Орус доктринасы” деген ат менен 800 беттен турган көлөмдүү манифест жарыялашып, анда Россиянын келерки жана андан кийинки бийликтерине мамлекетти башкаруунун негизги принциптерин, саясий жетекчилик платформасын сунуш кылышкан.

Доктринанын авторлору ушу таптагы Россия Федерациясына катарлаш орус империясынан жана Советтер Союзунан калган саясий салт-санаанын базасында мамлекеттик жаңы структура түзүү зарылдыгын айтышкан. Эгер мындай иш жасалбаса, анда Россия алдыдагы он жылдыкта Кытай, Индия, АКШ өңдүү дүйнөлүк эңгезерлер тургай түштүк-чыгыш азиялык айрым өлкөлөрдөн да артта калат, атүгүл ичтен ыдырап, жок болуп кетиши мүмкүн деп эскертишкен.

Деген менен доктринага үңүлө карап,жакшылап таанышып чыккандар манифестте орус империясы менен СССРге караганда өткөн кылымдын 30-жылдарында Германияда, Италияда, Испанияда жана Португалияда тажрыйбаланган социалдык-саясий моделдердин үлгүсү үстөмдүк кыларын байкашкан.

Аналитиктер Путин бийликтен кеткен соң орус коомунда Нелсон Мандела же Дэн Сяопин сыяктуу таасирдүү лидер болуп кала алат деп эсептешкен эле. Бирок бейтарап эксперттер доктринанын өзөктүү идеяларында Россияга ушу тушта эле, өзгөчө жакынкы аралыкта италиялык Бенито Муссолиниге, испаниялык Франсиско Франкого окшогон жолбашчылар зарыл дегендей ойлор кылактап турат дешет.

Россиялык саясий илимпоздордун бири Игор Панарин азыркы президент “жаңы империянын негиздерин түзүп жатканын” белгилеп,эмдиги бийлик бул империянын кыйырын “Россиядан тышкаркы аймактарда кеңейтүүгө милдеттүү экенин” көрсөтөт. Ал өзүнүн жакындагы бир макаласында “евразиялык орус мамлекети” жөнүндөгү концепцияны көтөрүп чыкты.

“Неоимпериалистчил” авторлордун дагы бири Михаил Юрьев былтыр жарык көргөн саясий утопиясын “Үчүнчү Империя” деп атап, 2053-жылы Россия ушундай статуска ээ болорун сүрөттөп көрсөттү. Юрьев бул империянын амирине мурдагы СССРдин аймагынан тышкары бүткүл Европаны, кала берсе Греландияга чейинки аймакты каратат.

Юрьевдин бул модели, албетте, фантастика. Ал эми реалдуу фактыларга келсек, президент Путиндин мурдагы кеңешчиси, экономист Андрей Илларионов жыл башында “Азаттыкка” берген интервьюсунда азыркы орус лидерлери саясий,экономикалык жана идеологиялык жактан жаңы режим түзүүнү көздөп жатышканын, анын жалпы сомолосу түптөлүп калганын айткан эле. Илларионов бул режим өткөн кылымдын 20-30унчу жылдарында Италияда,Испанияда өкүмсүргөн режимдерден өзгөчөлөнөрүн, анын мүчөлөрү Россиядагы ири корпорацияларды энчисине басып алышканын, “нашизм” идеологиясын үйүттөп-үгүттөп жатышканын да кошумчалаган. Алардын, арийне, өздөрүнчө мыйзамдары бар, ”нашизмдин” мүчөлөрүнө катылгандар дароо катыгын алат, деп айткан Илларионов. Жаңы режимдин тартибин Путиндин мурдагы кеңешчиси айрым бир социалдык уюмдардын, айрыкча Италиянын түштүгүндөгү айтылуу топтордун тартибине окшоштурган.

Албетте, Россияда “орус доктринасын” кескин сынга алгандар, Илларионов негиздеген концепцияга кошулбагандар, өз өлкөсүн цивилизациялуу, демократиялык коомдордун катарынан көргүсү келген күчтөр да аз эмес. Бирок алар азырынча коомдук пикирде үстөм абалга жетише элек.
XS
SM
MD
LG