Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

“АК ЖОЛ” ЭМИ “ЫЙМАН” МЕНЕН БЕТТЕШЕТ


Бул жолку парламенттик шайлоодон деле мурдагылардагыдай эле өзгөчө эч нерсе күткөн эмеспиз. Анын үстүнө кайсы партиянын жеңишке жетери күн мурдатан эле жакшы белгилүү болчу деп жазган “МСН” гезити, ошентип жеңишке жеткени шарактап шампан ичсе, жеңилип калгандарынын ичи туз куйгандай ачышып жатканын түшүнүү кыйын деле эмес. Бирок кайсыл жагынан карасаң дагы учурда Кыргызстан элинин жашоо-турмушуна чындап күйө турган бир дагы партия жок.

Алтургай өзүн элдик партиямын деп көкүрөк кагып турган президент Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясы да эл үчүн эчтеке кыла элек. Шайлоодо “Ак жол” үчүн добуш бергендер бу жолу да мамлекет башчысы үчүн добуш берип, ага дагы бир ирет ишеним көрсөтүштү. Эми “Ак жолдун” алдында дал ошол эл ишенимин актоо милдети турат. Эң башкысы – Ыйман маселеси. Анткени жакында дал ушул партия жаңы өкмөттү аныктайт. Кыскасы дейт гезит, болуп өткөн шайлоонун бурушунан көбүрөөк дурус жагы бар го деп ойлойбуз. Себеби мурдагыдай бири бирин ашаткан, Акүй менен парламенттин ортосундагы талаш-тартыш болбойт. Эми жаманбы- жакшыбы, Кыргызстан ушул жолду тандап алды. Тандаган жол баягыдай эле тазга алып барабы же жаркын келечек, жакшы турмушка алып барабы, аны деле көрө турган күн алыс эмес деп жазды.

“Агым” гезити АКИпресс агенттигинин маалыматына шилтеме кылуу менен Борбордук Шайлоо Комиссиясынын акыркы маалыматын окурмандарга сунуш кылды. Анда республика боюнча чыгарылган шайлоо жыйынтыгынын эсеби 95,44 пайыз болгону келтирилет. Бул эсеп боюнча 67,46 пайыз менен азырынча “Ак жол” партиясы алдыда. Андан кийин 12,02 пайыз алган “Ата Мекен” партиясы, үчүнчү орунда 5,87 пайыз менен “Социал-демократтар” партиясы марага келген. Калган саясый партиялардын баары 5 пайыздык “арыктан” аттай албай кала беришкен. БШК шайлоонун толук жыйынтыгын эртең же бүрсүгүнү чыгарышы мүмкүн.

“Агым” андан ары Топчубек Тургуналиевдин “2-орунду жеңебиз” деген айгайы мыш болуу менен аяктап, партиясы сүрүлүп артта калганын, эл ичиндеги маалыматтарга караганда “Ак жол” менен “Социал демократтар” партиялары 0,5 пайыз тосмону Ысык-Көлдөн аша албай калса, “Ата Мекен” Ош менен Баткенден багынталбай калганын, Түштүктө “Ак жолду” колдогондор арбын болду деп айтылганы менен элдин катамарында оппозициячыл партияларды колдоо күч болгону ачыкка чыга баштаганын, кечээ Ысык-Көл менен Таласта оппозицияны колдогондор көтөрүлгөнүн, демек эл кайсы тарапты колдосо ошолор жеңди деп түшүнөлү деген гезит, бийлик эми чыр-чатак ырбап кетпесин деп 0,5 пайыз дегенди соттун колу менен алдырып салуу үчүн далбасташы ажеп эмес деп кабарлады.

Шайлоо өнөктүгү биздин саясатчылардын акыл жана этикалык деңгээлинин канчалык өлчөмдө экендигин даана чагылдырды. Коом кайрадан бөлүнүп-жарылуунун босогосуна келип такалды. Бирок муну байкаган эчим деле жок. Бул жаракага бир эле убакта бийлиги да, оппозициясы да шынаа кагып жатышат. Бир кездеги бир эл бүгүн өз өзүнчө топторго бөлүнө баштады. Эн жаманы эл бай-кедей болуп аырымдалды деп жазган “Белый пароход” гезити Кыргызстандын айыл-кыштактарынан джанбагалбай калган адамдар алакандай Бишкекке аыгып келе берип, социалдык жарылуунун “бомбасы” дал ушул жерде катылып жатканын, ал эртедир-кечтир жарылбай койбостугун, ал эми бул коркунучтун бар экенин эле с албаган саясатчылар 16 жылдан бери тилдери менен буудай кууруп келатканын кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити айылдык авторлордун арыз-муңуна орун берип, Каракулжалык Исматулла Парпиевдин арызын жарыялаган. Автор коррупция деген айыл аралап ээн-жайкын эле жүрүп калганын, эң эле жөнөкөй маалымат алайын деп райондун мекемелерине кире калсан жөнөкөй справкасы 50-70 сом турарын, кечээ эле паспорт үстөлүндөгү “требование” дегени 20 сом болсо, бүгүн 85 сомго чыкканы колунда жокторду сыздатып жатканын баяндаса, Бишкектик ардагер Осмонжан Абдылдаев, көчө унааларынын жолкире акысын 5 сомдон 10 сомго көтөрөт деген туура болбостугун, айрыкча маршрут айдаган жигиттер акчанын кулу болуп калгансып сезилерин, анткени пенсионер төлөгөн 3 сомду берсең акшыңдап жаман көздөрү менен карап ары ыргытып коюшарын, андан аялдамаларды кулактандырбай эле айдап кете беришерин, кокус жол кире акысы кымбаттай турган болсо пенсионерлердикин ошол бойдон эле калтырса жакыш болор эле деген оюн жазып жиберген.

Гезит мындан тышкары Кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун “Идеологиясыз коом да, социалдык топ да болбойт” деген баарлашуусуна орун берди.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG