Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиялык коомчулукта Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карата баа берүү башталды. «Ак Жол» партиясынын жалгыз алдыга озуп чыгып келиши дегинкиси терс пикир жаратууда. Шайлоо участокторунан добуш берип чыккандар арасынан суроо салып чыгарылган жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке оппозициячыл төрт партиянын бири да өткөн эмес. КМШ өлкөлөрүнөн келишкен көз салуучулар менен Кыргызстан Борбордук шайлоо комитети билдиргенге караганда шайлоонун өтүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар болгон эмес. Ал эми оппозиция таркаткан даттанууларда андай мыйзам бузуулар кыйла болгон.

Орусиялыктарды кулак түрдүрткөн маселе – Кыргызстанда Жогорку Кеңеште үй ичи толгон «Ак Жол», анан ар кайсы жерде сербейишкен эки партия мүчөлөрү болот экен деген кеп болууда. Баса, ЕККУдан келген байкоочулардын чыгарган тыянагына ылайык Кыргызстанда өткөн шайлоо - коомчулук күткөн ишенимди актай турган мүмкүнчүлктү «колдон чыгарып ийген». Ошондой эле тоолуу өлкөдө парламентти шайлоо демократиялык үлгүгө дал келбеди дешкен. Ал эми КМШдан келген көз салуучулар Жогорку Кеңешти шайлоо тунук, калыс жана эркин өттү дешкен. Бийликтин башында турган Бакиевдин оппоненттери болсо референдумдан кийин пайда болгон система бийлик партиясына артыкчылык алып берген.

Мына ушундай жагдайда орусиялык анализчилерди сөзгө тартып, алардын азын-оолак оюн уктук. Орусиянын стратегиялык изилдөө институтунун эксперти Ажар Куртов мунун себебин Бобордук Азия өлкөлөрүндөгү өзүнүн гана беделин чыңдоого умтулуучу режимдердин кеңири кулач жайып кетишинен издейт.

«Мага тааныш эксперттер көп учурда Кыргызстандагы жагдайды парламентти тике башкарып калган президенттик партиялары бар Казакстан менен Орусияда жагдайга салыштырышат. Бирок Кыргызстанда жагдай беркилерден да жаман көрсөткүчкө жеткен өзгөчөлүк бар. Орусияда президенттик партия «Бирдиктүү Орусия» көп жылдары эл оозуна алынып атып анан жаралды. Казакстандагы «Нуротан» партиясы болсо 1993-жылдан бери өмүр сүрүп, элден мурда «Казакстан элдер союзу» болуп түзүлүп анан торолгон. Ал партиялар узак жылдар калыпка түшүү жолун башынан өткөрүштү. Кыргызстандын «Ак Жолу» болсо мындан эки ай мурда пайда болгон, ошон үчүн ал партиянын мынчалык күч-кубатка жетип кетиши кишини айран-таң калтырат. Кантсе да бул жерде, чындыгында эле административдик каражат колдонулган сыяктанат», - дейт Ажар Куртов.

Батыш басылмалары менен орусиялык гезиттер жазганга караганда «Бакиев президент барган сайын, кыргыздардын «жоогазын ыңкылабы» учурунда өзү качууга аргасыз кылган Аскар Акаевдин жасаганын жасап ийчү болуп алды». Биз суроо салган дагы бир саясий талдоочу Артур Улуняндын пикири да ушуга чукул чыкты:

«Бийликке ыңкылап толкуну менен келген киши (К.Бакиев - ММ) 2005-жылы өзү каршы күрөшкөн, мурдагы бийликтин саясатын кайра жүргүзө баштады. Бул өңдөнгөн ыңкылапчылардын кайра жаралуусу - эски бийлик жолуна түшүп кетиши - кайсы бир деңгээлде болуп турчу көрүнүш, бирок мунун Кыргызстан үчүн канча мүнөздүү экенин билүү кыйын. Ошентсе да ал бардай»,-деди Артур Улунян.
XS
SM
MD
LG