Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:02

КУБАТ БАЙБОЛОВ: БИЙЛИК МЫНЧАЛЫК ЖҮЗҮКАРАЛЫК КЫЛАТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСПИЗ


“Ата Мекен” партиясы добуш берүүлөр көп жерде бурмалоого туш болгонуна байланыштуу шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирүүдө. “Ата Мекендин” тизмесинде экинчи болуп шайлоого чыккан экс-депутат, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Кубат Байболов “Азаттыктын” таңкы уктурууларында шайлоодо кандай бурмалоолор болгонун айтып берди.

-БШКнын соңку маалыматында «Ак жол» 67, «Ата мекен» партиясы 12 пайыз добуш алганы кабарланууда. Сиздердин эсеп кандай болуп атат. Толук жыйынтык чыгардыңыздарбы?

-Биздин эсеп боюнча шайлоого келген адамдардын саны туура эки эсе аз. Биздин алган добуштарыбыздын эсеби эки эсе көп. Биз жер-жерлерден толук маалымат ала элекпиз, бирок алдын ала маалыматтарыбыз мына ушундай.

-Демек, расмий маалыматтар менен сиздердин эсептин ортосунда айырма чоң экен да, эми ошону кантип далилдейсиздер?

- Айырма асман менен жердей. Бизди оппозицияны, элди ушундай далилдеш керек деген акыбалга калтырган бийлик, албетте, өтө жаман жана ыплас бийлик.

- БШКнын алдын ала маалыматтарында “Ата мекен” партиясы үч аймактан жарым пайыздык тосмону багындыра албаганы айтылып жатат. Бул үч аймак боюнча сиздерде жыйынтык кандай, чын эле ушундай жагдай барбы?

- Эгерде айрым аймактарга бийлик бандиттерди жана башка башка мүмкүнчүлүктөрүн, акчаны пайдаланып биздин үгүтчүлөрдү, саясатчыларды дээрлик киргизбей, элге акча берип, коркутуп-үркүтүп, бүткүл мамлекеттик мүкүнчүлүктөрдү жумшап, бизди өткөрбөскө аракет кылса, албетте кыйынчылыктар туулат.

-Добуш берүүнүн жыйынтыгы ушундай чыгып калышын алдын ала күттүңүздөр беле. Дегеле “Ата мекен” партиясынын мындан аркы аракеттери кандай болот, кандай талаптар коюлат сиздер тараптан?

- Албетте, биз бийлик ушундай ыплас шайлоо өткөрөрүн күткөнбүз. Бирок мынчалык деңгээлде жүзүкаралыкка барарын ойлобоптурбуз. Азыр жер-жерлерде нааразылык акциялары өткөрүлүп жатат. Бул элдин өзүнүн демилгеси. Азырынча бул тууралу чечим кабыл ала элекпиз. Бирок ушунчалык деңгээлде уятсыздыкка барган бийлик, жаакка чапсаң да былк этпеген, көлөш менен жаакка чапсаң да былк этпеген айрым адамдар болот го уятсыз. Мына биздин бийлик да ошол сыяктуу уят-сыйытты билбеген бийлик болгонуна байланыштуу, эмне кылсаң да былк этпей отурган дөө жокко.

-Мындан кийинки өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал кандай болушу мүмкүн сиздин оюңузча?

- Өтө опурталдуу болушу мүмкүн. Бул парламент барып ошол жерде отуруп иштей баштаган күндө дагы ушул бийликтин өзү сыяктуу эле “чү” дегенде эле көчүгү кыйшык отуруп, легитимдүүлүк маселеси дайыма кала бере турган болуп калчудай.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG