Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

16:25 Тоңдо кайрадан эл чогулду


Райондук акимиаттын алдына чогулган 200 дөй киши кечээки коюлган беш талаптардын ишке ашырылгандыгы тууралуу маалымат талап кылышууда. Жергиликтүү кабарчыбыздын билдиргени боюнча чогулган эл “Ата Мекен” партиясынын лидерлерин күтүп жатышат.
Алар кечээ Тоң районунда эки шайлоо түйүнүндө иш алып барган комиссиянын мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоону, райондун шайлоо комиссиясынын курамын, райондук бийликти алмаштырууну, бюллетендерди унаа менен бирге ташыган райондун каржы бөлүмүнүн башчысын кызматтан алууну жана ага карата кылмыш ишин козгоону талап кылышкан. 16-декабарда 21:00 ченде Шорбулак, Төртгүл айылындагы шайлоо участкаларынын төрагалары, “Ак жол” партиясынын координаторлору жана жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү бюллетендерди алып чыгып, райондук шайлоо комиссиясына жеткирбей, жолдон райондун четиндеги автобазанын короосуна жашыруун алып келип отурганда “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү тарабынан кармалган. Кармалган машиналарда акталай бюллетендер табылган эле. Райондук прокуратура болсо бүгүн “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлери тарабынан шайлоо комиссиясынын иши үзгүлтүккө учурады деп, кылмыш ишин козгоду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG