Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

«АТА МЕКЕН» ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ТААНЫБАЙТ


18-декабрда “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү парламент шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып, 900 миңден ашуун “желсандар” кошулганын билдиришти. Ошондой эле алар көпчүлүктүн эрки менен каалоосун көзкөрүнөө бурмалагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, шайлоо жыйынтыктары өзгөчө бурмаланган жерлерде добуштарды кайрадан эсептөөнү, кайталап добуш берүүнү талап кылышууда. Парламент шайлоодо мыйзам бузуулар арбын кездешкенин башка оппозициялык партиялар да билдиришүүдө.

Парламент шайлоонун жыйынтыктары көзкөрүнөө бурмаланып, буга чейин боло келгендей бийлик өмгөгүнө салып, жыйынтыкты көбүнесе «желсандардын» жардамы менен жасап жатканын «Атамекен» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Темир Сариев 18-декабрдагы маалымат жыйынында жарыя кылды.

- Биздин маалыматтар боюнча, мына шайлоого бир миллиондон бираз ашкан адамдар келди. Ошонун ичинен 270 миң добуш «Ата мекенге» берилген. Бул биздин ар райондордон келген маалыматтар менен, протоколдор менен такталган. Ал эми «Ак жол» партиясына 300 миңге жакын добуш берилген. Бирок анын жарымы жанагы пачкалап салынган бюллетендер. Реалдуу аларга 150 миң киши добуш берди.

«Ата мекен» партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Кубатбек Байболов парламент шайлоодо арбын добуш алган «Ак жол» партиясына негизинен бийлик өкүлдөрү гана добуш берди деген пикирде.

Темир Сариев парламент шайлоодо мыйзам бузуулар Бишкек шаарында, Чүй облусунун Сокулук, Ысыката, Ысыккөл облусунун Балыкчы шаарында, Тоң, Жетиөгүз, Түп райондорунда, Ош, Жалалабад, Баткен облустарында өзгөчө көп орун алганын маалымдады.

Партиянын Нарын облусундагы расмий өкүлү Накен Касиев бул жерде шайлоого 86 миңден ашуун гана адам катышканын маалымады.

- 86 миң 406 адам добуш берүүгө келген. Анан бул жерге келип алып Борбордук шайлоо комиссиясынын 94 миң 69 адам шайлоого катышты деген жыйынтыгын угуп, 8 миңден ашуун добушту кошуп койгонун билдим. Бизде облустагы участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдору бар,- деп айтты Н.Касиев.

Шайлоодо жалгыз эле «Ата мекен» партиясына берилген добуштар эмес, «Ар-намыс» партиясына берилген добуштар да уурдалып калганын Феликс Кулов 18-декабрдагы маалымат жыйынында билдирди.

- Бишкек шаарында биздин расмий маалыматыбыз боюнча 21,6% добуш алдык. Кошуп жазып атышып «Ак жол» партиясы бул жерде 41% гана добуш алышты. «Ата мекен» партиясына 32,5% добуш беришкен.

Парламенттик шайлоо эларалык байкоочулардын көз алдында калыс, мыйзам чегинде өткөнүн президент К.Бакиев күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин байкоочулары менен жолугушуу маалында атайын белгиледи. Анын айтуусунда, чет эл байкоочуларынын катышуусу, «бул шайлоо адилет өткөнүн билдирет».

16-декабрда добуш бергенден кийин «Ак жол» партиясындагы тизмеде экинчи орунда турган Адахан Мадумаровдун жаңы парламент жалаң бир партиядан болуп калышын болжолдоп ийген жайы бар.

- Жашырбай эле коеюн, ушул парламент бир партиялуу болуп калабы, деген ичте божомолдор бар.

«Ата мекен» партиясы парламент шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандыктарын, аны өткөрүүдө апачык мыйзам бузууларга жол берилгенин айтышууда. Андайга көмөктөшкөн бийлик адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылышын, көпчүлүк шайлоо участокторундагы бурмаланган жыйынтыктар кайра эсептелип, кайталап добуш берүү жүргүзүлүшүн талап кыла тургандыктарын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG