Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

17:20 “Кыргызстанда жарандык коом кооптуу абалда!”


Мындай билдирүү Кыргызстандын бир катар бейөкмөт уюмдары Президент Курманбек Бакиевге жана эл аралык коомчулукка жолдогон катында айтылган. Анда: “2007-жылдын 31-октябрында шаардык кеңеш конституцияга каршы келген токтом кабыл алгандан кийин оппозиция лидерлерине болгон кысым күч алды. Бейөкмөт уюмдардын лидерлеринин камакка алынышы укуктук башаламандыктын далили. Ал эми мыйзамсыз токтомдор, тилекке каршы башмыйзамдан да жогору коюлуп жатат. Бизге, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, көрсөтүлүп жаткан басым бизди тынчсыздандырууда”, - деп айтылган. Ошондой эле алар Президент Курманбек Бакиевден укук коргоо органдарынын иш аракеттерине баа берип, башмыйзамдын кепили катары жарандардын конституциялык укуктарын коргоону талап кылышкан. (ESu)

XS
SM
MD
LG