Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

АКШ АСКЕРЛЕРИН ЧЫГАРУУ ЖӨНҮНДӨ АРЫЗДЫ СОТ ЧЕТКЕ КАКТЫ


Жаннат Токтосунова Бүгүн Бишкек райондор аралык сотунда «Сергий Радонежский жана Айкөл Манас» фондусунун башчысы Игорь Трофимовдун Кыргызстандан АКШнын аскерий аба базасын чыгаруу боюнча доо арызы каралды. Трофимов базаны жайгаштыруу боюнча 2001-жылкы өкмөттөр аралык келишим жокко чыгарылсын жана бул милдеттенме кыргыз өкмөтүнө жүктөлсүн деген эки сунуш менен кайрылган. Сот биринчи арызды кароону токтотуп, экинчи арызды канааттандырган жок.

Игорь Трофимов Кыргызстанда АКШнын аскерий базасын жайгаштыруу боюнча 2001-жылы түзүлгөн өкмөттөр аралык келишимди жокко чыгаруу сунушу менен сотко бир нече ай мурун кайрылган. Трофимов жана анын санаалаштары АКШнын аба базасы Кыргызстанга чоң зыян келтирип жатканыдыктан мамлекеттер аралык макулдашуу негизсиз деп табылышы керек деп эсептешет. Игорь Трофимовдун адвокаты Александр Типеров мындай ойдо:

-АКШнын аскерий базасы Кыргызстандын экологиясына терс таасирин тийгизип, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурууда. “Манас” аэропортундагы учактарыдн кагылышуусу жана америкалык аскер Закари Хэтфилддин кыргызстан жарааны Александр Ивановду өлтүрүп, эч жаза тартпастан өлкөдөн чыгып кеткенин буга мисал катары келтирсе болот.

Игорь Трофимовдун АКШ аскерий базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча доо арызы боюнча алгачкы соттук кароо 27-ноябрга белгиленген. Бирок кароого жооптуу тарап – кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү сотко келбегендиктен, сот 5-декабрга жылдырылган. Ал күнү да судья Рахматтулло Ирисов “өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу” сотту кайрадан 25-декабрга жылдырып, Трофимовдун үчүнчү тарап катары президент К. Бакиевди да сотко чакыруу талабын канаатандырган болчу. Бүгүнкү соттук кароого президент да, анын өкүлү да келген жок. Ал эми өкмөт тараптан жоопкер Роман Денисов өкмөт мындай деңгээлдеги келишимди жокко чыгарууга укуктуу эмес деп билдирди:

-Азыркы учурда өкмөткө мындай ыйгарым укук берген мыйзам жок. Эгерде Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам кабыл алса, өкмөт аны аткарууга милдеттүү. Ошондуктан биз соттон бул боюнча доо арызды кароону токтотууну суранып жатабыз.

Натыйжада райондук соттун судьясы Бакыт Карасартов Игорь Трофимовдун базаны жайгаштыруу боюнча 2001-жылкы өкмөттөр аралык келишим жокко чыгарылсын деген арызын кароону токтотуп, бул боюнча милдеттенмелер кыргыз өкмөтүнө жүктөлсүн деген талапты канааттандырган жок. «Сергий Радонежский жана Айкөл Манас» фондусунун жетекчиси Игорь Трофимов райондук соттон жогору турган инстанцияларга кайрылар-кайрылбасын азырынча аныктай электигин айтты. Саясат таануучу Нур Омаров болсо мындан ары да соттор ушундай эле чечим чыгара берет деп эсептейт:

-Кыргызстан АКШ аскерий базасын өлкөдө жайгаштыруу боюнча келишимин улам узарта берет. Бул Кыргызстан гана эмес, бүткүл Борбор Азия чөлкөмүндө АКШнын ролу өсүп жатканын байланыштуу.


Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков база маселесинде өтө аярлык керек экенин белгиледи

-Кыргызстан эл аралык терроризм менен күрөшүүдө өз салымын кошуу үчүн “Манас” аба майданын берген. Ошондуктан бул боюнча сотко берүүдөн мурда терең ойлонуш керек деп эсептейм.

«Америкалыктар үйүңөргө кеткиле!» деген ураан жыл бою улам-улам көтөрүлүп жатты. Өзгөчө Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкек саммитинин жакындап, Россия менен АКШнын мамилеси начарлаган сайын АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын чыгаруу талаптары күчөй баштаган. Базаны чыгарууну максаттаган атайы кыймыл түзүлүп, ага Россияга жакын саясий партиялар жана коомдук ишмерлер кирген. Парламентте да депутаттар АКШ менен аба база боюнча келишимди талкууга алышкан. Өлкөгө АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер оңдүү чоң делегаттар келип, бийик деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп кетишкен.

XS
SM
MD
LG