Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

ЭСИҢДЕБИ, ЭШТЕК?


Кээде башты ыпыр-сыпырдан, ар кандай зыяндуу таштандылардан тазалап турган да жакшы болот деп белгилеген “Дело №...” гезити 2000-жылдагы шайлоону эске салды. Ошондо Кыргызстандын элдик партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон Данияр Үсөнов саясат курмандыгына айланганын, аны ооруканада жаткан жеринен камакка алышканын, анткени бийликтин максаты агездеги оппозиционер Данияр Үсөновду шайлоодон четтетүү болгонун, ошондо аны колдоп жаштар, студенттер чыгышканын, ошол эле 2000-жылдын февраль-март айларында Данияр мырза өз округунан жеңишке жеткенин, бирок сот анын жеңишн туура эмес деп тапканын, акыры бийлик куугунтугуна чыдабаган Данияр Үсөнов Казакстанга баш калкалоого аргасыз болуп, ал эми Кыргызстанда калган анын жактоочулары Бишкектин көчөлөрүнө нааразылыкка чыгып, милийсаларга кармалып, сот кармалгандар кишилерге миң сомдон айыппул салганын, бирок бүгүнкүчүлөп кара жумшка иштетип, бир канча суткага олтургузбаганын эскерген гезит эми ошондон 8 жыл өткөндөн кийинки куду ошондогудай окуяга кайрылды. Болуп көрбөгөндөй бурмаланган шайлоого “Мен ишенбейм!” деп плакат көтөрүп нааразылык билдирген жаштарды дароо камакка алышты, кар күрөтүп иштетишти, укуктук чеккен чыккан өзүм билемдик өлкөдө билген намазын окуп кирди. Бирок эң кызыгы учурунда так эле ушундай зөөкүрлүктөн азап тарткан Данияр Үсөнов бүгүн ушундай зөөкүр иштердин башында турганында дейт “Дело №...”.

Гезит андан ары 2005-жылдын 21-мартын эске салат. Тогуз-Тородон депутаттыкка өтпөй калган Бакиев Бишкекке келип журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Жалал-Абад менен Ошто болуп аткан окуялар тууралуу маалымат берди. Андан кийин К.Бакиев ошо кездеги вице-премьер министр, А.Акаевдин эң жакын кишилеринин бири болгон К.Жумалиевге: “Сиздер эмне үчүн шайлоонун ишине кийлигишип жатасыздар? Эгер 10 оппозиционерди депутаттыкка өткөрүп койсоңор андан жаман болбойт эле го? Ошол 10 киши бирдемени өзгөртө алмак беле? Эми өз чалган чалмакейиңерди өзүңөр чече бергиле. Мен кеттим”- деп айткан.

Эми ошондон 2 жыл 10 ай өткөндөн кийин ушул жылдын 20-декабрында К.Бакиев өзү түзгөн “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн сөзүндө минтип айтты: “Айрым партиялардын жеңишке жетпей калганынан трагедия жасоонун кереги жок. Жеңиштен да кымбат жеңилүү болот.” Ушул эле гезит ЖК төрагасы болуп шайланган А.Мадумаровдун “Биз эми бир кишинин балдарындай иштешибиз керек, биздин ишибиз бир гана жол менен кетиши керек” деген сөзү эми мындан ары учкул сөзгө айланарын белгилеп, бизде мамлекеттик катчылар ушундай, бири бир кезде Акаевдин күйөө баласын бүт кыргыз элинин күйөө баласы кылган эле, бири эми бүт баарыбызды бир атанын баласы кылмай болду деп жазды.

“Дело №...” ошондой эле айрым жарандарга “ЖКга шайлоо кандай болду деп ойлойсуз?” деген суроо менен кайрылганда Адам укуктары боюнча КР президентине караштуу комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун аябай көңүлү сууп турганын, эң жаманы шайлоо жыйынтыгы бурмаланганын, эң башкысы оппозиция лидерлеринин эмес, миңдеген элдин добушу тепселгенин, бийлик туура эмес кылганын, 2002-жылдагы “аксы” жыттанып калганын, ачкачылык, камоолор башталганын, мунун арты жакшылык менен бүтпөстүгүн, шайлоого катышы бар жетекчилерге мурда эле эскерткенин, азыр президентке ушуларды кат кылып жазып олтурганын айтса, чекист Мирослав Ниязов, бийлик бир эле ок менен эки коенду атып өлтүрдү. Биринчиден, өзүнүн кадыр-баркын элдин көз алдында биротоло төгүп бүттү. Эми мындан ары анын таянар таянычы жок. Экинчиден, демократиянын инструменти катары шайлоо дегендин ишпалдасын чыгарды. Бийлик муну кой, алиге дейре референдумдагы 78 пайызды кайсыл асмандан алганына жооп бере элек. Бул шайлоолор дагы көпкө дейре такталат. Эгер мына ушулардын баары жазасыз кала турган болсо эртең шайлоо деген нерсе жок болот. Бийлик ошондо мойнубузга гана эмес башыбызга минет. Бул деген барып турган бети жоктук, ыймансыздык, телибай тентектик жана жапайылык болду десе, саясат таануучу Марс Сариев, Акүй койгон спектаклдин сценаристтери профессионал эместер болушкан дейт. Сыягы ал жерде бири бирин укпаган эки топ болсо керек. Бири бизге казактардын жалгыз партиялуу вариантын алып кирсе, экинчиси бир аз либералдуу болгусу келген. Бирок казак вариантын таңуулагандар биздин менталитетти түшүнгүлөрү келишкен жок. Кыргыздар байыртан эле байлык менен бийликтин теңсиздигин кечире билген, бирок АКЫЙКАТСЫЗДЫКТЫ эч качан кечирген эмес. Кыргыздар үчүн АДИЛЕТТИКТЕН өткөн бийик, АДИЛЕТТИКТЕН өткөн ыйык нерсе болгон эмес. Бийлик ушунун чегин билиш керек эле. Эми кандай болот? Апрель митингинен кийин кадыр-баркын жоготуп алган оппозициянын Бакиевге каршы ойноосуна кенен мүмкүнчүлүктөр ачылат. Анткени ОБСЕнин шайлоо бүтүмүнө берген баасы менен элдин нааразылыгы оппозиция үчүн жакшы база болуп берет. Бирок ээрден буту тайып баратып деле айла тапкан Бакиев баары бир акыл-эстүү келишимдерге келет деп ойлойм деп айтты.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити узап бараткан “доңуз” жылын жыйынтыктап, Кыргызстанда бул жыл эмнелери менен эсте калганын “Жылдын ыры”, Жылдын күлүгү”,”Жылдын саны”, “Жылдын рекорду” деген номинациялар менен белгилеп чыкты. Мисалы “Жылдын фарсы” деп гезит болуп өткөн шайлоону атаса, “Жылдын идеясы” деп “Биримдик аркылуу өнүгүү” деген улуттук идеологияны атаса болорун, бирок эксперттердин ою боюнча азыр элди эки нерсеге- жанды жеп жалган айтуу жана элди уурдап-тоноо деген жаман экендигине жана Акүйдөгүлөрдүн баары эле ууру-кескилер менен паракорлордон турбастыгын, ал жерде да ыйманы таза адамдар бар дегенге ишендирүү керектигин, ошондо гана гана идея идеологияга айланарын жазат “Аргументы...”

“Жылдын саясатчысы” деп өз каршылаштары Ө.Субаналиев менен М.Эшимкановду кызматка апкелип, К.Карабековдун депутат болушуна жол ачкан президент К.Бакиевди атады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG