Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

17:27 Бир нече гезиттин баш редактору камакка алынды


“Сырдуу дүйнө”, “Кеңеш”, “Периштем”, өңдүү он чакты гезиттин баш редактору Айнагүл Алымжанова каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан кечээ күнү кармалып, ал учурда Бишкек шаардык ИИБнин убактылуу тергөө абагында жатат. Бул тууралуу анын жолдошу Кубат Шаршекеев “Азаттыкка” маалымдады. Буга чейин каржы полиция Алымжанованын жеке дүкөнүнүн айрым документтерин туура эмес деп таап, бул боюнча иш 5-декабрь күнү Ленин райондук сотунда каралган. Бирок Айнагүл Алымжанова “Туран” партиясынан депутаттыкка талапкер катары үгүт иштерине катышып жүргөндүктөн, ал сотко келбей калып, ал эми соттук кароону шайлоодон кийинки мөөнөткө жылдыруу тууралуу адвокаттын арызы канааттандырылган эмес. Сот кароого келбегендиги үчүн айыпталуучуну камакка алууну чечкен. “Жубайымдын ден-соолугу начар болгондуктан, тергөө аяктаганга чейин аны бошотуу үчүн депутаттар да кепил болуп беришти. Бирок ишти караган судья Сариев убактысы жок экенин айтып, тиешелүү документтерди кароодон баш тартты”, - деди Кубат Шаршекеев. (JTo)

XS
SM
MD
LG