Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

ӨКМӨТТҮН СТРУКТУРАСЫ ӨЗГӨРБӨДҮ. КУРАМЫЧЫ?


Премьер-министр Игорь Чудинов өкмөттүн структурасын Жогорку Кеңешке сунуштады. 26-декабрда парламенттин комитеттери өкмөт башчысынын катышуусу менен сунушталган структураны талкуулап, Жогорку Кеңештин жыйынына маселени алып чыгууну чечишти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө караганда, Игорь Чудинов тарабынан сунушталган өкмөттүн структарасы мурунку структурадан айырмаланбайт:

"Буга чейин кыргыз өкмөтү иштеп келген структура бир чымчым да өзгөрбөйт. Буга чейин келаткан ыргак жана ырааттуулук толук сакталат. Ошого карабай биз конституцияга ылайык структураны дагы бир жолу бекитип беришибиз керек."

Шаршемби күнү бир катар комитеттерде структура каралып, жактырылды. Бүгүн бейшембиде структураны жалпы парламенттин ылдам эле кабыл алышы күтүлүүдө.

Депутат Рахат Ирсалиев иштеп жаткан структура канчалык алгылыктуу деген сурообузга, маселе структурада эмес, анда иштей турган адамдарда деп жооп берди:

"Эң негизги маселе, кандай структура болсо да ошол структураларды жетектеген адамдар өз ишин так жана туура алып барса иш жылат".

Өкмөттүн жооптуу кызматкери Жогорку Кеңеш 27-декабрда «Өкмөттүн структурасы» жөнүндөгү мыйзамды ылдам кабыл алышы күтүлүп жатканын тастыктап, андан кийин түшкө калбай министрлердин дайындалышы боюнча президенттин жардыктары чыга баштаарын белгиледи. Маалыматка караганда, өкмөттүн курамы 30% жаңыланаары күтүлүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы өкмөттүн структурасы быйылкы жылдын 6-февралында бекитилген. Анын түзүмүндө 12 министрлик, 5 мамлекеттик комитет жана 12 мамлекеттик агенттик бар. Булардан сырткары структурада премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице премьер-министр жана өкмөттүн аппаратынын башчысы-министр бар.

Жаңы Конституцияга ылайык, күч министрлepинен башка министрликтерге талапкерлерди премьер-министр тандап, аларды бекитип берүүнү президентке сунуштайт. Парламент бул ишке аралашпайт.

Оппозиция өкүлдөрү жаңы өкмөттүн курамына кирүүсү мүмкүнбү деген суроо коомчулукта жок эмес. Бул суроо менен «Ата мекен» партиясынын лидерлеринин бири Темир Сариевге кайрылганыбызда, андай сунуштар түшпөгөнүн билдирди.

Ал эми конструктивдүү оппозиция катары өзүн атаган Социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Осмонбек Артыкбаев аларга да сунуш түшө электигин, бирок андай сунуш болсо иштөөгө даяр экендиктерин белгиледи:

"Биз бул бийликтин кемчиликтерин айтып, сындай бербей, анын системасына кирип, өкмөткө да, парламенттеги комитеттерге кирип, жоопкерчиликти кошо алып, иштөөгө даярбыз. Эгерде өкмөттөн сунуш болсо биз ага кирип иштегенге даярбыз. Биз ошентип чечип жатабыз".

Ошентип 27-декабрда парламент структураны бекитип, андан кийин президент өкмөт башчынын сунушу менен министрлерди дайындай башташы күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG