Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

18:42 СПИД дартына чалдыккан оштук айрым тургундарды доктурлар дарылоодон баш тартууда


Бул жөнүндө “ХОИ корпорейшин” юридикалык компаниясынын түштүктөгү директору Музафар Абидов 26-декабрда “Азаттыкка” маалымдады. Анын билдирүүсүнө караганда ВИЧ инфекцияга чалдыккан кээ бир жарандар ооруканаларга кайрылышса, дарыгерлер аларды текшерүүдөн жана дарылоодон качып жатканын айтып, аталган мекемеге даттанышкан. Оштогу "Антиспид" борборунун башкы дарыгери Түгөлбай Мамаев Ош облусу боюнча быйыл 26 бала, 4 эне ВИЧ инфекцияга кабылгандыгын, мындан тышкары дагы 3500 наристе текшерилүүгө муктаждыгын, кезекте 10 миң ымыркай тургандыгын билдирип, коркунучтуу илдет менен ооругандарды ак халатчандар кабыл албай койгон фактылар катталбагандыгын, андай окуя болсо доктурларга карата токтоосуз чара көрүлөөрүн белгиледи. (АТо)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG