“Көз карандысыз укук коргоочулар тобу”, “Кылым шамы”, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы билдиргенине караганда, шаардык кеңештин митингдерди чектеген чечими Конституцияга каршы келип, демократиянын өнүгүүсүнө бөгөт болот. 30-ноябрда Бишкек шаар кеңеши митинг, пикеттерди М.Горькийдин эстелигинин жанында, эски аянтта, “Жаштык” паркында өткөрүүгө жана жергиликтүү бийликке 10 күн мурда кабарландыруучу кат жолдоого милдеттендирген чечим чыгарган. (AJ)
7:50 Укук коргоочулар Бишкек шаардык кеңешинин митингдерди чектеген токтомун район аралык сотко берди